Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 22/09/2017
  • Просмотров: 6568
МККда МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүн майрамдоонун урматына салтанаттуу иш-чара өттү. МКК иш-чаралардын алкагында борбордук аппараттын жана ведомстволук бөлүнүштөрдүн кызматкерлеринин арасында үч номинация боюнча: көркөм окуу же монолог, кыргыз эл ырларын мыкты аткаруучу жана кыргыз элинин улуттук каада-салттары боюнча конкурс өткөрдү.

Иш-чаранын негизги максаты маданий жана адеп баалуулуктарын жайылтуу, ошондой эле  кыргыз тилин өнүктүрүү болуп саналат.  Иш-чарага КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлү, Кызматтын жетекчилиги жана ведомстволук бөлүнүштөрү, маданий ишмерлер жана кызматкерлер катышышты.

Иш-чаранын расмий ачылышы Кызматтын төрагасы Д.Догоевдин салтанаттуу сөзү менен башталды. Ал “Ар бирибиз тилди өнүктүрүүгө өзүбүздүн салымыбызды кошушубуз керек, бул үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Ошондой эле калкка кызмат көрсөткөн орган катарында, Кызматтын ишинде колдонулган аталыштардан жана аббревиатуралардан тартып, эне тилибизге өзгөчө көңүл бурушубуз керек” деди.

Конкурстун катышуучулары коюлган тапшырмаларга өзгөчө кызыгуу менен мамиле кылышканын белгилеп кетүү зарыл. Иш-чаранын жүрүшүндө Кызматтын кызматкерлери тарабынан кыз узатуу, куда түшүү, өрлүктөө ж.б. сыяктуу каада-салттарды чагылдырган бардык атрибуттарды колдонуу менен кооз жана театрлашкан оюндарды көрсөтүштү. Ошондой эле катышуучулар улуттук аспаптарда элдик ырларды аткарышты жана кыргыз тилинде ырларды жана монологдорду тартуулашты. Бардык катышуучулар улуттук кийимдер менен жүрүштү. Иш-чаранын көрүүчүлөрү жана катышуучулары бул майрамдан чоң эргүү алышты.

Мамлекеттик тил күнү өлкөбүздө жыл сайын 23-сентябрда белгиленет, 1989-жылы ушул күндө Кыргыз ССР Жогорку Советинин “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамына ылайык кыргыз тили мамлекеттик тил статусун алган.

Мамлекеттик тил күнүн майрамдоонун жүрүшүндө Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлү МККнын кызматкерлерин мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн төш белгиси, ардак грамоталар менен сыйлады. Иш-чаранын аягында катышуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн сыйлыктар жана алкыш баракчалары тапшырылды.

 

Маалымат үчүн: Мамлекеттик тил күнү өлкөбүздө жыл сайын 23-сентябрда белгиленет, 1989-жылы ушул күндө Кыргыз ССР Жогорку Советинин “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамына ылайык кыргыз тили мамлекеттик тил статусун алган. 2013-жылдын 1-июлунда “КРда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Президенттин Жарлыгы чыккан, анын негизинде “2014-2020-жылдарда КРда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программа” иштелип чыккан. Бул Улуттук программа мамлекеттик тилди колдонууну коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүнө толук жайылтуу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле кыргызстандыктарда мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун күчөтүүгө жана көп тилдүүлүктү өнүктүрүүгө, эне тилде, мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде эркин сүйлөөгө багытталган.

 

 

Өнөктөштөр