22-ноябрда Кесиптик кошуундар Федерациясынын жыйындар залында «Туулган жердин сулуулугу» жалпы республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө байгелерин тапшыруу аземи өткөрүлдү.
Сынакка 1-класстан тартып 11-класска чейинки курактагы республиканын ар кайсы бурчтарынан мектеп окуучулары катышышты, алар өз чыгармачылык иштерин сүрөттөө бөлүгү менен чогуу беришкен. Сынакка катышууга бардыгы болуп 60тан ашуун эмгектер кабыл алынган. Алардын эң мыктылары Бишкек шаарынын Калкты тейлөө борборлорунун интерьерин кооздоп турмакчы.
Сынактын жеңүүчүлөрү 1-6-класстардын (кенже топ) окуучулары арасында: 1-орун Таалайбек кызы Перизат 12 000сом;
2-орун - Таштанова Айжан Тариельевна 8 000сом;
3-орун - Мухамбетова Алиэна 5 000сом;
Кызыктыруучу сыйлык катары Бакытбек кызы Тахминага жана Нурбаева Нуркызга 1000 сомдон ыйгарылды.
7-11 класстардын (Улуу топ) окуучулары арасында:
1-орун - Нурбекова Нурайым Нурбековна 12 000сом;
2-орун - Маматханова Бактыгүл 8 000сом;
3-орун - Акылбекова Адинай 5 000сом;
Кызыктыруучу сыйлык катары Бакыт кызы Айназикке 1 000сом ыйгарылды
Сынак ыймандуулук, тарбия жана маданият жылынын алкагында өсүп келе жаткан муунду мекенчилдик жана руханий тарбиялоо, алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы жана МККнын Коомдук байкоочулук кеңеши менен биргеликте уюштурулган.