Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 28/11/2017
  • Просмотров: 1523
Мамлекеттик катттоо кызматы инновация жана технология жаатында жетикендиктери үчүн Америкалык соода палатасынын сыйына татыды

Америкалык соода палатасы (American Chamber) мүчөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн жыл сайын өтүүчү жолугушуусунун алкагында биринчи жолу инновация жана технология жаатындагы жетикендиктери үчүн номинациясында мамлекеттик органды сыйлады.

Мамлекеттик каттоо кызматы бул сыйлыкка биометрикалык электрондук паспортту, Бишкек шаарында жаңы форматтагы калкты тейлөө борборлорун, “Таза Коом” долбоорунун алкагында portal.tazakoom.kg кызмат көрсөтүү порталын жана республиканын аймактарында маалыматтык 363 күркөлөрдү ишке киргизүүсү менен ээ болду.

Маалымкат: Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасы –Кыргызстандагы бизнес чөйрөсүнө жагымдуу жана атаандаштыкка шарт түзүү менен бирге 70тен ашык компаниянын башын бириктирип турган алдынкы эл аралык бизнес ассоциация.

«AmCham Awards-2017» Жылдын өнөктөшү, Жылдын эң мыкты иш берүүчүсү, Корпоративдик социалдык жоопкерчилик чөйрөсүндөгү жетишкендик, Жылдын мыкты башкаруучусу, Иновациялык жана технологиялык жаатындагы жетишкендик, Жылдын алдынкысы, Кардарга багытталган бизнес Лидери номинацияларында жеңүүчүлөрдү аныктады.

Өнөктөштөр