Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 28/11/2017
  • Просмотров: 1602
Түрк Республикасынын Юстиция министрлигинин  делегациясы Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты

Бүгүн, 2017-жылдын 28-ноябрында Эл аралык укук жана тышкы байланыштар боюнча башкы дирекцияга караштуу башкармалыктын начальниги Ахмет Башаран, Эл аралык укук жана тышкы байланыштар боюнча башкы дирекциянын судья-инспектору Мутлуилкер Белги ошондой эле министрдин орун басары Муса Хейбет жетектеген Түрк Республикасынын Юстиция министрлигинин делегациясы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Манас Сарымсаковдун коштоосунда Бишкек шаарындагы экинчи Калкты тейлөө борборунун иш алып баруусу менен таанышышты. Визит эки мамлекеттик юстиция министрликтеринин кызматташуусу боюнча жумушчу сапардын алкактарында өткөрүлдү.

 “Жаңы форматтагы калкты тейлөө борборлорунун өзгөчөлүгү жарандарды кабыл алуу фронт жана бэк офис принциби менен жүргүзүлөт. Мындай иштөө принциби жакшы жетишкендиктерге алып келүүдө, кызмат көрсөтүүнүн сапаты жогорулап, кызмат көрсөтүүгө кеткен убакытты үнөмдөөдө. Кезек күткөн жарандарга да ыңгайлуулуктарды түзүү үчүн бекер wi-fi жана балалуу айымдарга атайын бөлмө каралган” – калкты тейлөө борборунун директору Кымбат Иманбекова конокторду жарандардын кызмат алуу процесси менен тааныштырып, жаңы форматтагы калкты тейлөө борборлорунун ачылышы менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты жогорулагандыгын  белгиледи.

Делегациянын башчысы мырза М. Хейбет КТБ ишин жогору баалоо менен электрондук кызмат көрсөтүүгөөтүүнү, жаңы технологиялардын  жана маалыматтык тутумдардын жаңыланып туруусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

 

 

Өнөктөштөр