Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 05/12/2017
  • Просмотров: 1540

2017 - жылдын 6 - декабрынан баштап, МКК 10 жана андан ашык жарандарды корпоративдик көчмө документтештирүү боюнча   жаңы кызматын ишке киргизет. Кызмат Бишкек жана Ош шаарларынын калкты тейлөө борборлорунун мобилдүү топтору аркылуу жүргүзүлөт.

Бул кызмат жарандардын иш ордун таштабастан, убактысын үнөмдөө менен документке ээ болуусуна шарт түзөт. Мобилдүү топтун операторлору жарандарга ыңгайлуу болсун үчүн макулдашылган убакытта, көрсөтүлгөн дарек боюнча үйгө же офиске бара алышат.

 Кызматтан пайдалануу үчүн:

  • +996 (312)586060, (550)077594 телефон номери;
  • infocom.kg расмий сайты;
  • smg@infocom.kg электрондук почтасы аркылуу өтүнмө калтыруу жетиштүү.

 

Мобилдүү топ кызматынын наркы:

1 адам

1616 сом

10 дон 19 адамга чейин

725 сом 1 адам үчүн

20 дан 29 адамга чейин

415 сом 1 адам үчүн

30 дан 99 адамга чейин

312 сом  1 адам үчүн

100 дөн 299 адамга чейин

240 сом  1 адам үчүн

300 дөн 599 адамга чейин

171 сом  1 адам үчүн

600 дөн жогору 

154 сом  1 адам үчүн

 

 

 

* Мобилдүү топтор кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасында  паспорттордун наркы эсепке алынган эмес

         Мобилдүү топтун көрсөткөн кызмат консультация берүү, документти кабыл алуу жана ошол дарек боюнча даяр болгон документтерди жеткирип берүү. Аталган кызмат боюнча толук маалыматты МКК  Call- борбору 119 номери аркылуу алсаңыздар болот. (бардык операторлордон чалуу акысыз)

 

Белгилеп кетсек, кызматтан 

- Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери;

- карылар үйүнүн жашоочулары;

- I группадагы майыптар, жетимдер жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары

акысыз колдоно алышат.

Өнөктөштөр