Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 09/01/2018
  • Просмотров: 1889
Жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспортторду жекелештирүү боюнча заманбап жабдык сатып алынып, орнотулду

 

Биометрикалык технологияларды ишке киргизүү боюнча коюлган милдеттерди ишке ашыруу алкагында, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, ошондой эле калкты мамлекеттик маанидеги, жаңы муундагы документ менен камсыз кылуу үчүн Жапон Өкмөтүнүн колдоосу менен жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспортторду жекелештирүү боюнча заманбап жабдык сатып алынып, орнотулду.

Мамлекеттик Каттоо Кызматы тарабынан 2018-жылы жаңы жалпы жарандык (чет өлкөдө колдонулуучу) биометрикалык паспортторго өтүү мерчемделген.

Азыркы учурда күн сайын ар түрдүү жаңы коркунучтар жаралган учурда, жасалма документ жасоочулар да илим менен техниканын  заманбап жетишкендиктеринен пайдаланып келишет. Ушул сыяктуу көрүнүштөрдү алдын алуу,  өздүгүн тастыктаган документтерди жасалмалоого кыйынчылык жаратуу максатында,  документтердин коргоо элементтерин дайыма өркүндөтүү жана коопсуздук деңгээлдерин жогорулатуу, ошондой эле калкты документтештирүү системасында  технологиянын алдынкы жетишкендиктерин интеграциялоого алып келет. Ошол эле учурда документтерди жасоодо колдонулуучу материалдардын да коргоо элементтерин күчөтүү жана жекелештирүүдө заманбап жабдык колдонуу зарыл.

Жалпы жарандык биометрикалык паспортторду жекелештирүү боюнча орнотулган жаңы жабдык саатына 300 паспортко текстик маалыматтырды жана сапаттуу сүрөттөрдү басып чыгаруучу экинчи муундагы лазердик гравировка түшүрүүчү модулдуу, агымдуу басып чыгаруу, бир нече лазердик сүрөттөрдү басып чыгаруу, программалык камсыздоо жана маалыматтарды коргоо, жекелештирүү технологияларынын кеңири спектри бириктирилген заманбап жабдык паспорт жасоо процессин оптималдаштырууга алып келет.

Калкты документтештирүүдө жаңы технологияларды киргизүү жана өндүрүштүк процесстерди оптималдаштыруу иши мындан ары да улантылмакчы.

 

Өнөктөштөр