Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 11/01/2018
  • Просмотров: 7823
Айдоочулук күбөлүк алуучулар экзамен тапшыруу үчүн биометрикалык идентификациядан өтүшөт

2018 – жылдын 15 – январынан тартып айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн жаңы автоматташтырылган электрондук тестирлөө тутуму ишке киргизилип, экзамен тапшыруучу жарандар   бет түзүлүшүнүн биометрикалык параметрлеринин негизинде идентификациядан өтүшөт.

Бул тутум Кыргыз Республикасынын жол коопсуздугу тутумундагы өткөрүлүп жаткан реформалардын алкагында  жол кыймылынын эрежелери боюнча теоретикалык экзамен алуу процессин жакшыртуу үчүн иштелип чыкты. Тестирлөөдөн өтүү үчүн курсанттар окуу жабдыгында орнотулган веб-камера аркылуу бет түзүлүшүнүн негизинде идентификациядан өтүшүп, автоматташтырылган режимде курсанттын паспортундагы  сүрөтү менен салыштыруу жүргүзүлөт. Тутум тарабынан кандайдыр бир дал келбестиктер табылса тестирлөө токтотулуп, экзамендин жыйынтыгы жокко чыгарылат да айдоочулук күбөлүк берилбейт. Ошол эле учурда тутумда бет түзүлүшүнүн сүрөтү менен экзамендин жыйынтыгы боюнча маалымат жазылат, экзаменди ийгиликтүү тапшыра албай калган курсанттар тесттин жыйынтыгы менен таанышып даттанууга да мүмкүнчүлүк алышат.

Андан тышкары тестирлөө тутумунда суроолондун саны 20га жеткирилсе, аны өтүүгө 25 мүнөт каралган.

Жыйынтыгында жол коопсуздугун жогорулатууга, курсанттардын жол кыймылынын эрежелерин теориялык жактан билүүсүн жана мыйзамсыз айдоочулук күбөлүктү алууга экзамен тапшыруусун, мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк алууга бөгөт коюу үчүн, үчүн Кызматтын расмий сайтында шилтемеси  транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин ар бир райондук каттоо-экзамендик бөлүмдөрүндө орнотулган видео камералар аркылуу тестирлөө процессине онлайн байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Белгилей кетсек “Транспорт каражаттары жана айдоочулук курам реестри” автоматташтырылган тутуму ишке киргизилгенден бери транспорт каражаттарын жана айдоочулук күбөлүктөрдү каттоо бардык реквизиттер боюнча жүргүзүлөт. Бул тутумга ведомстволор аралык иш алып баруу ишинин сапатын жогорулатуу жана маалыматтардын аныктыгын жана актуалдуулугун камсыз кылуу максатында (ИИМ, сот органдары ж б.) кошуу пландаштырылууда.

 

 

 

Өнөктөштөр