Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 27/12/2017
  • Просмотров: 1477

1932-жылдын 27-декабрында Москва шаарында  СССРдин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы М. И. Калинин, СССРдин советтик элдик коммисариатынын төрагасы В. М. Молотов жана СССРдин Борбордук аткаруу комитетинин катчысы А.С. Енукидзе тарабынан «СССР боюнча бирдиктүү  паспорт системасын түзүү  жана милдеттүү түрдө паспортторду каттоо жөнүндө» №57/1917  токтомуна кол коюлган.

 

Паспорт бардык паспорттоштурулган жерлерде «ээсинин ким экендигин күбөлөндүргөн» бирден бир документ болуп калыптанган.

Жогоруда айтылган документтин 10 пунктунда: Паспорттук китепчелер жана бланктар бүткүл Союздук өлкөлөрдө бирдей үлгүдө болушу жана жазылган текстер орус жана автономдук республикаларда кенири колдонулган тилде болуусу зарыл экендиги көрсөтүлгөн.

1932 –жылдын үлгүсүндөгү паспортто: аты, атасынын аты, фамилиясы, туулган жылы жана туулган жери, улуту, социалдык ээлеген орду, кызмат орду, туруктуу жашаган жери, милдетүү аскер кызматын өтөгөн жери жана кайсы документтердин негизинде паспорт берилгендиги көрсөтүлгөн.

Жогоруда айтылган «СССР боюнча бирдиктүү  паспорт системасын түзүү  жана милдеттүү түрдө паспортторду каттоо жөнүндө» токтомунун чыгышы менен союздук өлкөлөрдө бирдиктүү паспорт системасын түзүү үчүн «Биргелешкен мамлекеттик саясий башкаруунун алдында  Союздук Республикалар боюнча жумушчу-крестяндык милиция башкармалыгын түзүү жөнүндө» токтому кабыл алынган. Өлкө боюнча областык бөлүмдөрдө паспорт бөлүмдөрү түзүлүп, райондук милдиция бөлүмдөрүндө паспорт стол бөлүмдөрү жарандардын жашаган жеринде каттоо иштерин жүргүзүшкөн.

 СССРдин советтик элдик коммисариатынын токтомунун негизинде чет өлкөлүк жарандарды каттоо жана виза бөлүмдөрү түзүлүп, бул бөлүмдөр 30-40 – жылдарга чейин өз алдынча иш алып барышкан. Кийинчерээк бул бөлүм паспорт бөлүмдөрү менен бир нече жолу биригип кайра бөлүнүшкөн.

 СССРдин жаранын идентификациялоо үчүн  паспорткө сүрөт чаптоо жана экинчи экземпляр милиция бөлүмдөрүндө сактаган. Бул жанычылык 1932 – жылы киргизилген. Документти жасалмалоого бөгөт коюу үчүн бланктарды толтурууда атайын сыя, жана мөөр басуу үчүн мастика, сүрөттүн бурчуна штамп коюу киргизилген.

Өлкөнүн башка аймагынан берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн аныктыгын текшерүү үчүн документ берилген жерден сурамжылоо жүргүзүлгөн.

1936 – жылдын 8 августунан баштап, камактан бошотулган жана чек араны өз алдынча өткөн жарандардын паспортторунда атайын белгилер коюлган.

Борбордук аткаруу комитетинин жана Советтик элдик коммисариатынын токтомунун негизинде жарандын паспортунда никеси катталганда же ажырашканда жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрү тарабынан атайын белгилер коюлган.

 

        

1937 - жылы калкты паспорттоштуруу иши жөнгө салынып, паспорт кызматы белгиленген өз милдетин так аткарууга жетишкен.

         1939 –жылдын 1 сентябрынан баштап СССРдин Жогорку Кенеши «Бүткүл калктын аскердик милдетенмеси» Мыйзамын кабыл алып, аскердик эсеп столдору паспорт бөлүмдөрү менен бирге иш алып барышып, өлкө боюнча аскерге милдетүү жарандар, аскердик курам эсепке алынып баштаган. каттоо иши Улуу Ата Мекендик согуш башталганга чейин жүргүзүлгөн.

1932- жылы түптөлгөн паспорт системасынын нормалары 1940- жылдары жаныланууну, тактоону, толуктоону талап кылган.

         Бул маселе Советтик элдик коммисариатынын 1940- жылы Паспорт жөнүндө кабыл алынган Жобосунун кабыл алынышы менен чечилген.

Бул укук ченемдик акт Паспорт жөнүндө жобонун кенири тармакта колдонулушун камсыз кылгын.

Улуу Ата Мекендик согуш советтик милициядан паспорт режимин жөнгө салуу үчүн кошумча күчтөрдү талап кылган.

Согуштан кайткан документи жок аскерлер суракка алынып, көрсөтмөлөр текшерилип анын жыйынтыгы менен  гана анкета түрүндө маалымкат берилген. Берилген маалымкат жумушка орношуу, жашаган жерине каттоого коюуга колдонулуп, өздүгүн тастыктоочу документ катары кабыл алынган эмес.

Согуштун биринчи күнүнөн тартып паспорт системасы өлкөнү  башкарууну, советтик тылды бекемдөөдө, коомдук тартипти камсыз кылууда чон иш алып барган.

Согуш аяктагандан кийин Советтик элдик коммисариатынын  1942 –жылдын 23 январындагы  «Жоголгон балдарды орноштуруу жөнүндө» токтомунун негизинде атайын балдарды каттоо боюнча даректик столдор ачылган. 1942 - жылдын 1 июнуна карата бул столдордун ишинин жыйынтыгында жалпы издөөдөгү балдардын  13,414 - 32,6% табууга жардам берген.

1942 – жылы Борбордук маалым кат бюросу ачылган. Мындай бюролор өлкөдөгү бардык паспорт бөлүмдөрүндө ачылган. Бул борборлор күнүнө 10 000 деген арыздарды кабыл алышкан.

1945 жылы 4 октябрда Советтик элдик коммисариатынын  «КАлкты паспорттоштуруу жөнүндө» токтому кабыл алынып, өлкө боюнча калктын санын тактоого багытталып,  өлкөнү башкарууга кийин экономикалык социалдык пландоолорго негиз болгон.

1952 –жылы паспорттук-каттоо бөлүмдөрү түзүлүп, түзүмү жана курамы бекитилген. Мурда паспорт 5 жылга берилсе, мөөнөтсүз, он жылдык, беш жылдык жана кыска мөөнөткө паспорттор берилген.

1959- жылдын 19-июлунда Министрлер  Кенеши чет өлкөгө чыгуу боюнча Жобо кабыл алышып, дипломатиялык жана кызматтык паспортторду Жобо көрсөтүлгөн гана жарандар алышкан ошондой эле өздүгүн тастыктаган ички паспорттор менен чет өлкөгө чыгууга уруксат берилген.

Кийинчерээк достош өлкөлөр арасында кызматтык жана өздүк маселер менен чек арадан өтүүгө атайын («АВ» жана «НЖ» сериясындагы) күбөлүктөр колдонулуп, визасыз ички СССРдин паспорту менен атайын баракчасы менен чек арадан өтүүгө мүмкүнчүлүк берилген.

Милиция органдарын ишмердүүлүгүн жогорулатуу үчүн СССРдин Министрлер Кенеши 1962 –жылдын 17 августунда Советтик Милиция онүндө Жобосун кабыл алган. Жободо советтик паспорттук системасынын принциптери бекитилип, аткарылуучук максаттары аынкталган.

СССРдин Министрлер Кенешинин 1970 –жылдын 22-сентябрындагы Жобосунда СССРге кирүү жана чыгуу боюнча толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген. Биринчи жолу мыйзам чыгаруу практикасында жарандардын өздүк иштери менен чет өлкөгө чыгуусуна бөгөт коюлган.

1974-жылдын 28 августунда Министрлер Кенеши тарабынан «СССРдин паспорт системасы жөнүндө» Жобосу кабыл алынып, СССР боюнча 16 жашка чыккан жарандар милдеттүү түрдө паспорт алуусу бекитилген.

 

Жаны киргизилген паспорт мөөнөтсүз болуп, жашынын өзгөрүшүнө байланыштуу:

Биринчи жолу —16 жашындагы;

Экинчи жолу  —25 жашындагы;

         Үчүнчү жолу —45 жашындагы сүрөтүн чаптоо киргизилген.

Документалдуу фильм

 

Өнөктөштөр