Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 12/01/2018
  • Просмотров: 1462

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылдын биринчи чейрегинде Каракол шаарында жана Сокулукта жаңы форматтагы КТБларды ишке киргизүүнү пландаштырууда.

Бул тармактагы негизги реформалардын бири болуп, жаран паспорттук тутум боюнча жана ЖААКтын «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча каалагандай каттоо кызматтарынан колдоно алат. Азыркы кезде КТБларда кызмат көрсөтүүлөрдүн татаал жол-жоболору жана өз ара аракеттенишүүнүн бизнес-процесстери жөнөкөйлөштүрүлгөн. Алсак, 2017-жылдын июнь айынан тартып КТБлардын операторлору паспортту алууга карата документтерди кабыл алууну башташкан жана бул модель жаңы форматтагы КТБны түзүү моделинин логикалык уландысы болуп саналат.

C:\Users\amambetaliev\Desktop\2018-01-11 БП в new ЦОН.png

Ысык-Көл областынын Каракол ш. иш алып баруучу КТБда оңдоолор жүргүзүлүп жана интерьердин редизайны жасалмакчы. Жалпы аянты 90 чарчы мден 200 чарчы мге чейин, тиешелүү күтүү залы жана электрондук кезеги менен чоңойтулмакчы.

Чүй областынын Сокулук а. Калктын жыштыгын эсепке алуу менен тез өсүп жаткан пункт болгондуктан, КТБны тиешелүү инфраструктурасы менен 320 чарчы метр аянтындагы жаңы имаратка көчүрүү пландаштырылууда, ал жарандарга ыңгайлуу болсун үчүн борборго жайгаштырылмакчы.

Негизги жаңылык болуп, жаран кызматты «үч кадам» менен болушунча тез жана жөнөкөйүрөөк ала тургандыгы эсептелет.

Өнөктөштөр