Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 18/01/2018
  • Просмотров: 1525

Биометрикалык идентификация ЖЖЭ боюнча экзамен тапшыруу учурунда курсанттын ордуна башка жарандын экзамен тапшырууга аракеттин   аныктады

16 – январда Бишкек шаардык каттоо-экзамендик бөлүмүндө курсанттын паспорту менен ордуна башка курсанттын жол кыймылынын эрежелери боюнча экзамен тапшырууга аракетти болдугун15- январдан тартып ишке киргизилген айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн экзамен тапшыруу учурунда курсанттарды биометрикалык идентификациядан өткөрүү аныктады.

Биометрикалык идентификация жарандын бет түзүлүшүнүн паспорттогу сүрөтү менен дал келбегендигин аныктап, жыйынтыгында курсант экзамент тапшыруудан четтетилди.

Жалпысынан алганда Бишкек шаардык каттоо-экзамендик бөлүмүндө 78 курсант экзамен тапшырышып, алардын 7 гана айдоочулук күбөлүгүн алууга укугуна ээ болушту.

Бүгүнкү күндө ар бир жарандын экзамендин жүрүшүнө интернет аркылуу айкын убакыт ыргагында байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар.

Экзаменде курсанттар  20 суроого жооп берүүсү үчүн  25 минут каралган. Ийгиликтүү жыйынтык 20 суроонун 18не туура жооп берүү болуп эсептелет.

Бардык ушул чаралар курсанттардын жол кыймылынын эрежелери боюнча  теоретикалык билимин текшерүү системасын жакшыртуу,  мыйзамсыз экзамен тапшыруу, мыйзамсыз айдоочунун күбөлүгүн алуу жана жолдордогу коопсуздук деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Өнөктөштөр