Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 22/01/2018
  • Просмотров: 1865
Келээрки жергиликтүү шайлоодо 142 жабдык колдонулуп, 225 операторлор ишке тартылышат

2018 жылдын 28-январында боло турчу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды идентификациялоо үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан 142 жабдык колдонулуп, 225 операторлор ишке тартылышат.

Шайлоочулардын жалпы саны 87 миң 130 жаран.   

Кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда боло турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо Кара-Балта, Таш-Көмур шаарларында, Жалал-Абад областынын  Аксы районунда, Ысык-Көл областынын Тоң районунда, Чүй областынын Жайыл, Москва жана Кемин районундарында, Ош областынын Араван жана Кара-Суу райондорунда жана  Нарынской областынын Ак-Талаа райондорунда өткөрүлмөкчү.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулар 2004 –жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспорттор жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык карталар менен идентификациядан өтө алышат.

Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды катталган жери боюнча шайлоо участкаларынын шайлоочулар  тизмесинен www.shailoo.srs.kg сайтынан, 119 чалуу борборунан (чалуу акысыз) шайлоо процесси, шайлоочулар тизмесине кирүү, биометрикалык маалыматтарды кабыл алуу пунктары, шайлоочулардын шайлоого катышуу үчүн дарегин алмаштыруусу боюнча суроолорго жооп ала алышат. Ошондой эле Кыргызстандын бардык мобилдик операторлорунан 119 номерине жеке идентификациялык номерин смс билдирүү аркылуу өздөрүнүн шайлоо участкалары боюнча акысыз маалымат алышса болот.

Өнөктөштөр