Жарыяланган 25/11/2014
Улуттук кампаниянын алкагында Россиядагы жана Казакстандагы Кыргызстандын консулдук мекемелеринин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча окутуудан өтүштү. Жалпысынан 7 машыктыруучу окутулду жана 8 комплект жабдуу берилди.
Кыргызстандын Россиядагы консулдук мекемелерине 5 комплект жабдуу берилди, анын ичинде Екатеринбургга - 2 комплект, Новосибирск шаарына – 1 комплект жана Москвага 2 комплект берилди.
Кыргызстандан барган мекендештерди биометрикалык каттоодон өткөрүү үчүн 3 комплект Алматы шаарына жиберилди.