Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 25/01/2018
  • Просмотров: 1548
Жаңы жер маалыматтык системасынын бет ачары болуп өттү

Бишкек шаарындагы “Дамас” мейманканасында “Кыргыз Республикасынын жер ресурстарын башкаруунун  бирдиктүү маалыматтык тутуму” долбоорунун алкагында Кадастрдык геомаалыматтык системалар порталынын бет ачары болдуп өттү. Иш чаранын негизги максаты башка мамлекеттик органдарды жана коммерциялык уюмдарды  жаңы тутум менен тааныштыруу, ошондой эле тутумду мындан ары өнүктүрүү жана активдештирүү боюнча,  алардан сын пикирлерди жана сунуштарды  кабыл алуу болду.  

Аталган долбоорду ишке ашыруу Корея Республикасынын Өкмөтүнүн  Корей эл аралык кызматташуусу агентствосунун (KOICA) колдоосу менен 2016 –жылдын февраль айында башталган. Долбоорду  аткаруучулары «LX» жана «GEO2» компаниялары. Жерге ээлик кылууга байланыштуу суроолорду  жөнгө салуу, коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу, ачык-айкындуулугун жогорулатуу долбоордун негизги максаты болуп эсептелет. Долбоор үч бөлүктөн турат: биринчиси  жер боюнча маалыматты өнүктүрүү үчүн маалыматтык-стратегиялык пландаштыруу, жер маалыматтык системасынын  иштеп чыгуу жана иштелип чыккан системаны жайылтуу үчүн жабдууларды пайдалануу.

Иш чарага Кыргыз республикасындагы  KOICA өкүлчүлүгүнүн башчысы Пак Сун Жин, «LX» жана «GEO2» компанияларынын өкүлдөрү, Кадастр жана кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо департаментинин директорунун орун басары Байтилешов К.А., мамлекеттик органдардын жана коммерциялык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

 Кыргыз республикасындагы  KOICA өкүлчүлүгүнүн башчысы Пак Сун Жин кадастр системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана кыймылсыз мүлктү каттоодо мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу долбоордун маанилүү бөлүгү экендигин баса белгилеп,  долбоордун ишке киргизилиши менен жер менен байланышкан чыр-чатактар чечилип, Кыргыз Республикасынын өз жер тилкеси  бар ар бир жаран бул долбоордун оң натыйжаларын сезээрин кошумчалады. 

 Семинардын жүрүшүндө кореялык компаниялардын жана Кадастр жана кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо департаментинин өкүлдөрү жаңы кадастр системасы жана аны өнүктүрүү багыттары боюнча   билдирүү жасашты. Кадастр жана кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо департаментинин Кадастрдык геомаалымат системасы (ГИС) борборунун башчысы А. Абдиевдин айтымында  кадастрдык геомаалыматтык системасы (КГИС)  мамлекетти туруктуу өнүктүрүү  үчүн чечим кабыл алууда кыймылсыз мүлк боюнча комплекстүү жана ар тараптуу негизги маалымат элементи болуп калат. "Жаңы системанын ишке  киргизилиши менен  кадастрдык маалыматты башкаруу процесси анын ичинде укукту каттоо, жерге болгон салык төлөмүн аныктоодо, ошондой эле жерди пландаштыруу  кыйла ыкчам жана натыйжалуу боло алат”.

ГИС маалыматтык технологиялык борборунун башкы адиси Ж. И. Давлетованын билдирүүсү боюнча, аталган система кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча жарандардан арыздарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана жарандар тарабынан келип түшкөн суроо талаптар боюнча документтерди берүү  мүмкүнчүлүгүнө ээ. Андан тышкары жаңы системанын негизинде кадастр жана кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо департаменти тарабынан өндүрүлгөн жер тилкелери жана курулуштар боюнча электрондук картада маалымат берилет.

“Жер системасын ушундай өзгөртүү менен  бардык иш интернет аркылуу жүзөгө ашырылып, жергиликтүү каттоо органдары тарабынан даярдалган негизги маалымат  бул системанын бүтүндүгүнө камсыздап, Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү картасы боюнча пландаштырылган тутуму менен бир бүтүндүктө бириктирилип, борборлоштурулган маалыматты башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Система жерди башкарууну жакшыртып, бизнес-процесстерди ачык-айкындыкка алып келет.

Ошондой эле Кадастр департаментинин өкүлдөрү айкын көз ирмем ыргагында арыз кабыл алууну, иштеп чыгууну, КГИС порталы аркылуу интернет жеткиликтүү бардык аймактан кыймылсыз мүлк боюнча оперативдүү түрдө толук маалыматты алууну көсөтүшүп беришти.

Иш чаранын аягында «GEO2» Корей компаниясынын президенти О Джун Хуан Кыргыз республикасындагы  KOICA өкүлчүлүгүнө, Мамлекеттик каттоо кызматына жана кадастр жана кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо департаментине жер боюнча маалыматты түзүү долбоору боюнча ийгиликтүү  иш алып баргандары үчүн эстелик белектерин тапшырды.

 

Өнөктөштөр