Жарыяланган 15/02/2018
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык Шаикова Алина Кавылбековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисиинин орун басары Эдуард Турдалиев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын жамаатына жаңы төрайымын тааныштырды.