Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 21/02/2018
  • Просмотров: 1564
Ак-Суу балдар үйүнө материалдык жардам көрсөтүлдү

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы Ак-Суу балдар үйүнө, өндүрүштүк кир жуугуч машинасын жана кургаткычын оңдоо үчүн 42 616 сом өлчөмүндөгү материалдык жардам, андан тышкары балдар үйүнүн тарбиялануучуларына маалыматтык программаларды үйрөнүү жана интернетти өздөштүрүүлөрүү үчүн 10 персоналдык компьютерлер беришти.

 

110 балага эсептелинген балдар үйү 1996-жылдын 20-октябрында уюштурулган. Азыркы учурда бул балдар үйүндө 3 жаштан 18 жашка чейинки туруктуу жашап жана тарбияланып жатышкан 82 бала бар. Алар жетимдер жана ата-энелери укуктарынан ажыратылган балдар. Бул балдар үйү Ысык-Көл областы боюнча жападан-жалгыз мамлекеттик балдар үйү.

 

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы  Ак-Суу балдар үйүнө туруктуу негизде колдоо көрсөтүп турууну пландаштырууда.

Өнөктөштөр