Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 555 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 20/02/2018
  • Просмотров: 134

Мамкаттоо кызматы Бишкек шаарында Горький көчөсү 1 “Г” жана Чүй проспектиси 41 “Б” дареги боюнча жайгашкан соода борборлорунда паспорт алууга үчүн документтерди кабыл алууга жана сүрөткө тартуу боюнча бардык тиешелүү жабдуулар менен жабдылган кичи калкты тейлөө борборлорунун ишке киргизилгендигин билдирет. Төлөм каражаттарын кабыл алуу үчүн терминалдар да орнотулган.

Бул жаңы ачылган кичи калкты тейлөө борборлорунун өзгөчөлүгү, алардын иштөө тартиби, тактап кетсек жумуш күндөрүндө документ алуу үчүн убактысы жетишпеген адамдарга ылайыкталган. Бекитилген иш тартибине ылайык жарандар кичи калкты тейлөө борборлоруна шейшембиден баштап жекшемби күнүнө чейин эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 19:00 чейин кайрыла алышат. Ал эми дем алуу убактысы саат 14:00 дөн 15:00 чейин.

Азыркы учурда кичи калкты тейлөө борборлорунда кезек күтүү байкалбайт, андыктан жарандар аз убакыт ичинде паспорт алуу үчүн документтерин тапшырса болот.

Кичи калкты тейлөө борборлорунда төмөндөгү кызматтар көрсөтүлөт:

  1. ID-карта- идентификациялык картасы - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуу үчүн документ тапшыруу;
  2. Жалпы жарандык паспортту алуу үчүн документ тапшыруу;
  3. Дарек маалымат системасынанан маалым кат алуу, ID-картанын чипиндеги маалыматтар боюнча көчүрмө алуу;
  4. Кеп кеңеш берүү;
  5. Электрондук түрдө  кызмат көрсөтүүлөрдөн колдонуу үчүн бекер окутуу.  

Келечекте ЖААК, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк боюнча көрсөтүлгөн кызматтар ушул кичи калкты тейлөө борборлорунда да көрсөтүлмөкчү.

Өнөктөштөр