Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 30/03/2018
  • Просмотров: 2133
2018 –жылдын 2-апрелинен тартып транспорт каражаттарын кайра каттоо боюнча улуттук кампаниясы башталат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы 2018 –жылдын 2-апрелинен тартып транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча улуттук кампаниясы башталарын эсиниздерге салат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-мартындагы № 156 «Транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча 2018-жылдын 2-апрелинен тартып 2-июлуна чейин улуттук кампания өткөрүү жөнүндө» токтомуна ылайык транспорт каражаттарын кайра каттоо үчүн, транспорт каражатынын орточо базар наркына карата бекитилген тарифтик торчо менен  аныкталуучу мамлекеттик жыйым 1%  тен  0,1% ылдыйлады.

Автоунаа ээсинин катталган жери боюнча маалыматтын дарек-маалымат бюросунда болуусу,  автокаражаттарын каттоодо негизги шарт болуп эсептелгендиктен, автоунаа ээлери өздөрүнүн катталган жери боюнча маалыматтын дарек маалымат базасында бар экендигин,  Кызматтын 119 чалуу-борборуна байланышка чыгып, же portal.tazakoom.kg порталынан текшерип алуулары зарыл.

Андан сырткары, кайра каттоодо автоунаакаражатынын ээсинин каалоосу менен мурда колдонулган мамлекеттик номер калтырылып, документтерин алмаштырбастан, автоунаа ээси боюнча маалымат “өзгөчө белгилери” катары тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилет.

 

Автоунаа транспорт каражатын ишеним кат аркылуу саткан же сатып алган учурда төмөндөгүдөгу  көйгөйлөр болушу мүмкүн:

 

салык төлөмдөрүн ошондой эле жол эрежелерин бузгандыгы боюнча айып пул боюнча кабарлоо, автоунаа каражатынын расмий ээсинин дарегине жиберилет;

унаанын катышы менен кылмыш иши жасалса же жол кырсыгына кабылган учурда менчик ээсинин жоопкерчилиги;

сатып алуучу унааны ишеним каттын негизинде алса өз атына кайра каттата албайт жана автоунаа боюнча күрөө же башка чектөөлөр боюнча маалыматтарды ала албайт;

мыйзамдуу ээси каза болгон учурда, ишеним кат өз күчүн жоготот жана кайра каттатууда көйгөйлөр келип чыгышы мүмкүн.

Ошондуктан Мамлекеттик каттоо кызматы автоунаа ээлерин унаа сатууда жана сатып алуу учурунда, унааны өз атына каттууга чакырат.

2018-жылга карата бекитилген тарифтик торчо менен- https://grs.gov.kg/uploads/files/ru-tarifnaya-setka-2018.pdf шилтемесин басуу менен тааныша аласыз.

 

 

 

 

 

 

 

Өнөктөштөр