Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 555 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 17/04/2018
  • Просмотров: 290
Мамкаттоодо кезектеги ротация жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын системасында коррупциялык тобокелдикти төмөндөтүү максатында, Кызматтын Төрагасы кезектеги аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин ордун алмаштырды. Орун алмаштыруу Калкты жана  жарандык абалдын актыларын каттоо Департаментинин бардык жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрдүн башчылары боюнча жүргүзүлдү. Жаңы ротациялоо боюнча планы үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде күчүнө кирди.  

 Документке ылайык, 40 ЖААК бөлүмдөрдүн башчылары орун алмашып, 2 бөлүм башчы Кызматтын башка ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүнө которулса, 2 бөлүм башчы ээлеген кызматынан ылдыйлады. Андан тышкары 3 бөлүм башчысы бала багуу боюнча өргүүдө жүргөндүктөн, Чаткал, Тогуз-Тороо райондорунун алыстыгы жана турмуш шартынын ордугуна байланыштуу аталган райондук бөлүм башчылары ротация боюнча планга киргизилген эмес. Ошондой эле 3 бөлүм башчыларынын кызмат орду бош экендигин маалымдайбыз.

Эсиңиздерге сала кетсек, март айынын башында Кызматтын паспорттоштуруу бөлүмдөрүнүн башчылары боюнча орун алмаштыруу жүргүзүлүп, жыйынтыгында 33 паспорттоштуруу бөлүмдөрүнүн башчылары орун алмашып, 4 бөлүм башчылары ээлеген кызматынан кетсе, 3 ээлеген кызматынан ылдыйлап, 2 бөлүм башчысына кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу убактылуу ээлеген кызматынан четтетилген.

Өнөктөштөр