Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 24/04/2018
  • Просмотров: 1803

Эгерде автоунаа ээси өлкө аймагынан чыга турган болсо, транспорт каражатын каттоо күбөлүгүн (тех паспорт) жаңысына алмаштыруу зарыл экендигин Мамкаттоо кызматы баса белгилейт, бул тууралуу маалымат мурда да берилген.

Эгерде унаа ээси өлкө аймагынан чыгууну пландабаган болсо, жарандардын акча каражатын үнөмдөө максатында, жеңилдетилген кайра каттоо өнөктүгү убагында, жарандын өз каалоосу менен каттоо документинде  «өзгөчө белгилери» графасына тийиштүү жазуу калтыруу менен, тех паспортту калтырып коюу мүмкүнчүлүгү бар. Бул учурда, каражатынын жаңы ээси боюнча маалымат «Унаа» автоматташтырылган маалымат тутумунда жазылып, транспорт каражатынын  ээси жөнүндө электрондук маалымат базасы түзүлөт.

Тактап кетсек, жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча  атайын техникалык каражаттар тарабынан жазылган администрациялык укук бузуулар жөнүндө  билдирүү «өзгөчө белгилери» графасында көрсөтүлгөн унаа ээсине жөнөтүлөт.

Жеңилдетилген кайра каттоо өнөктүгү убагында, мурда колдонулган мамлекеттик номерлерди акысыз алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Маалымкат: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча 2018-жылдын 2-апрелинен тартып 2-июлуна чейин улуттук кампания өткөрүү жөнүндө» токтомуна ылайык, автомототранспорт каражатынын орточо базар наркына карата аныкталган тарифтик торчо менен аныкталуучу кайра каттоодо – алынуучу 1 %  жыйым он эсе арзандап,  0,1% түздү.

2018 –жылдын 2 апрелинен тартып 16 апрелине чейин 13 миң 766 автоунаа ээлери унааларын каттатып, анын ичинен 12 миң 132си жаңы транспорт каражатын каттоо боюнча күбөлүктөрдү алышты.

 

Өнөктөштөр