Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 555 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 25/04/2018
  • Просмотров: 256
Кыргызстанда демографиялык өсүш байкалууда

2018 - жылдын биринчи кварталына карата  төрөлүү боюнча статистика, өлкөнүн демографиялык көрсөткүчүнүн жакшыруусун билдирет. Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин көрсөткүчтөрү боюнча 2018 –жылдын биринчи кварталында 42 411 туулуу катталып, өткөн жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 10 939 каттоого көп болгон.

2018 -2017 –жылдардын биринчи кварталдарына карата жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча көрсөткүчтөрүн салыштырууда аты жөнүн өзгөртүүнү каттоодон башка бардык жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча көрсөткүчтөрдүн динамикалык өсүшүн  көрсөтөт.

Эгерде 2017-жылдын биринчи кварталында аты жөнүн өзгөртүү боюнча каттоо 8773 болсо, үстүбүзөдөгү жылдын биринчи кварталында бул көрсөткүч 2,40% азайган. Белгилей кетсек, персоналдык маалыматын өзгөртүү боюнча көрсөткүч калктын бирдиктүү маалымат реестрин түзүүнүн башталышы менен төмөндөй баштаган. Калктын бирдиктүү реестрин «1адам -1ЖИН -1паспорт» принциби менен  түзүүнүн алкагында, 2015-жылдын август айынан баштап жарандарга жеке идентификациялык номерди берүү функциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына берилген. Аты жөнүн өзгөртүү менен кайталап жеке идентификациялык номерди алуу көрүнүшү ушул убакта көп кездешчү. 2012 – 2015- жылдарына карата калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо системасында, аты жөнүн алмаштыргандардан саны 50 000ге жеткен. 2015-жылга карата бул көрсөткүч эки эсе азайып 28 713 түзгөн. Бул реформанын жыйынтыгында, кайталап жеке идентификациялык номер берүү жокко чыгарылды.

Жарандык абалдын актыларын каттоонун башка түрлөрү боюнча 2018-жылдын биринчи кварталына карата көрсөткүч төмөндөгүчө:

 

2018-2017-жылдардын биринчи кварталдарына карата көрсөткүчтөрдүн салыштырмалуу анализи

 

Каттоонун түрү

 

2017 г.

 

2018 г

 

 
 

туулууну каттоо

31472

42411

34,70%

 

Никени каттоо

8982

12717

41,50%

 

Никенин бузулушун каттоо

2103

2558

21,60%

 

Аталыкты аныктоону каттоо

6006

7685

27,90%

 

Асырап алууну каттоо

251

288

14,70%

 

Аты жөнүн өзгөртүүнү каттоо

8773

8561

-2,40%

 

Өлүмдү каттоо

7830

8360

6,70%

 
 

Өнөктөштөр