Аба ырайынын катаал шарттарына карабастан, жарандар биометрикалык маалыматтарын ативдүү тапшырып жатышат. Алсак, МККнын Штабынын жаңыртылган маалыматтарына ылайык жалпы Кыргызстан боюнча 380 миң 154 адам биометрикалык каттоодон өтүштү. Күн сайын операторлор бүткүл өлкө боюнча 45 миң адамды каттап жатышат. Эң жогорку көрсөткүчтөр Ош облусунда байкалганын белгилей кетүү керек. Аталган региондо 26-ноябрга карата 100 миң 001 адам катталды. Мындай көрсөткүч облуска жөнөтүлгөн жабдуулардын саны көп болгондугуна жана калктын жыш отурукташкандыгына байланыштуу болууда.
Биометрикалык каттоо мамлекеттик органдарда дагы жүргүзүлүп жаткандыгын белгилейбиз. Бүгүн, 27-ноябрда, мобилдүү топ КР Башкы прокуратурасына жана Өзгөчө кырдаалар министрлигине жиберилди.
2014-жылдын 26-ноябрына карата статистика
№ |
Облус/шаар |
Биометрикалык маалыматтарын тапшыргандардын саны |
|
Нарын |
22825 |
|
Талас |
13 391 |
|
Ысык-Көл |
23 199 |
|
Жалал-Абад |
44 413 |
|
Ош облусу |
100001 |
|
Ош шаары |
28940 |
|
Чүй |
53 671 |
|
Баткен |
31976 |
|
Бишкек шаары |
61738 |
|
|
жалпы: 380 154 |