Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 02/05/2018
  • Просмотров: 1862

Интеренет кызматынын жана интернет дүкөнчөлөрүнүн активдешүүсү менен чет өлкөдөн Кыргызстанга келүүчү посылкалардын саны өсүүдө. Атап айтсак, өлкөбүзгө посылкалар Кытай, Россия, АКШ жана Германиядан көбүрөөк келүүдө.

2017 –жылга карата келген посылкалар (кичи пакеттер) 170 миң 432 болсо, бул көрсөткүч мурдагы жылдагы көрсөткүчкө караганда салыштырмалуу 60 миң 131 жөнөтүүгө өскөн (өткөн жылы 110 миң 301 жөнөтүү).

МККна караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын билдирүүсү боюнча 2017-жылдагы посылкалардын салмагы 78 тоннаны түзсө, 2016-жылы 61 тонна болгон.

Ошондой эле,  МКК 2017-жылы төрт пилоттук Электрондук коммерция борборун ачып, дүйнөлүк интернет-аянтчаларынанан тапшырык берүү боюнча каалаган ар бир жаранга акысыз окутуу жүргүзгөн.

Долбоордун эң негизги максаты – калктын ылдам, ишенимдүү жана коркунучсуз айкын убакыт ыргагында интернет-дүкөндөрдөн ашыкча төлөм төлөбөстөн товарларды сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин калка жайылтуу болду.

Адистер товар тандаганды, өз алдынча үйдөн чыкпастан бардык төлөм тутумдарынан төлөм каражаттарын төлөө жана тапшырык берүүнү үйрөтүштү.

Бул долбоор Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылды.

 

Өнөктөштөр