Жарыяланган 11/11/2014
Борбор шаардын бардык райондорунда жана мамлекеттик мекемелерде биометрикалык маалыматтарды топтоо жүрүүдө. Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрынан баштап 10-ноябрына чейин Бишкекте 26 миң 399 адам биометрикалык маалыматтарын тапшырышты.
Баш калаадагы № 60 мектепте ачылган маалыматтарды топтоо түйүнү Кыргыз мамлкеттик дене тарбия жана спорт академиясына көчүрүлдү.
Бишкектин мэриясында жана Свердлов райондук мамлекеттик администрациясында маалыматтарды топтоо уланууда. 10-ноябрда мобилдүү топ КР Улуттук статистикалык комитетинде биометрикалык маалыматтарды топтоону баштады.