Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 21/06/2018
  • Просмотров: 1644

Украинадан кармалган Тажикстандын жараны Низомхон Джураев Хайдарович 1994 – жылдын үлгүсүндөгү паспорттун негизинде  2014 – жылы паспорт алган.

1994 –жылы, ички баракчаларында номери жана сериясы көрсөтүлбөгөн, кол менен толтурулуучу жана сүрөтү жөн гана чапталуучу биринчи жалпы жарандык кыргыз паспорту бериле баштаган.  Дал ушул документ жасалмалоо үчүн эң ыңгайлуу болгондуктан, башка өлкөлөрдүн сот адилеттигинен качкан жарандарынан арасында  чоң суроо-талапка ээ болгон.

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 2018-жылдын 8-январындагы №4  буйругу менен, Кыргыз Республикасындагы интерпол Улуттук борбордук бюросунун катынын негизинде Ибрагимжанов Доолотбек жана Джураев Низомхон Хайдаровичтин атынана Кыргыз Республикасынын жарананынын паспортун алуу маселеси боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөн.

Комиссия Джураев Низомхон 2014 – жылдын август айында 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун алмаштыруу боюнча  Кызыл-Туу паспорт столуна кайрылгандыгын аныктаган. Ал Доолотбек Ибрагимжановдун атынан кайрылып, көрсөткөн паспортунда  өзүнүн сүрөтү чапталып, Доолотбек Ибрагимжанов аттуу жаран боюнча маалыматтар жазылган. Бул паспорт Кыргыз Республикасынын жараны Моминова Замира Энировнага таандык болуп, өз түшүнүк катында Моминова З.Э. 1994-жылкы үлгүдөгү паспортун жоготкондугун жана Доолотбек Ибрагимжанов менен тааныш эместигин баса белгилеген.

Бардык документтер жана кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы жыл башында Кыргыз Республикасындагы интерпол Улуттук борбордук бюросуна өткөрүлүп берилген.

Мындан тышкары, ушул жылдын февраль айында МККнын ички кызматтык териштирүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча 9 иш юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына берилген. Бул материалдардын бардыгы 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортторду алмаштырууга байланыштуу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы №598 токтомунун негизинде 1994 –жылдын үлгүсүндөгү мөөнөтү узартылып “мөөнөтсүз” деген белги коюлган паспорттор 2017-жылдын 1 – апрелинен тартып юридикалык күчүн жоготуп, жараксыз деп таанылган.

Өнөктөштөр