Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 14/06/2018
  • Просмотров: 1821
МККнын заманбап өнүктүрүү борборунун ачылышы болду

 Бүгүн, 2018 –жылдын 14 июнунда, Архив агентсвосунун имаратында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өнүктүрүү борборунун ачылышы болуп өттү. Аталган борборду түзүү  БУУнун өнүктүрүү программасы, Швейцария Өкмөтү жана  ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарабынан колдоого алынган.

Борбордун негизги максаты – шайлоолорго даярдануу убагында жана санарип технологияны колдонуу менен жаңы форматтагы мамлекеттик кызмат көсөтүү боюнча МКК кызматкерлерине кесиптик тренингдерди жана окутууларды өткөрүү болуп эсептелет. Өз сөзүндө Кызматтын Статс-катчысы Данияр Бакчиев  өнүктүрүү  борбору МКК кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну жана окутууну жаңы деңгээлде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүү менен толук кандуу окуу борборунун фундаменти болуп калаарын баса белгилеп, өнүктүрүү борборунун ачылышына колдоо көрсөткөн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. Андан сырткары Д. Бакчиев борбор жөн гана билим берүү менен чектелбестен, каттоо системасында тажрыйбанын топтолушуна жана жаш адистерге бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзөөрүн белгилеп өттү.

Жарандар мүмкүнчүлүктөрдү жогорулаткан, талаптарын канаатандырган ачык, натыйжалуу институттарга муктаж.  Мамлекеттик  каттоо кызматы БУУнун өнүктүрүү программасы, Швейцария Өкмөтү жана  ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен жаңы технологияларды киргизүү менен дал ушул муктаждыктарга жооп берет. Ал эми жаңы технологиялар кызматкерлер тарабынан билимди  талап кылат. Бул болсо, дал ушундай борбордун ачылышына  алып келди.

«Билим жана жаңычылык ажырагыс - алар дүйнө жүзү боюнча коомду жана экономиканы көзөмөлдөп турат. Мен бул өнүктүрүү борбору, Кыргыз Республикасында күчтүү институттарды жана демократиялык коомду түзүү боюнча иш алып барып жаткан  мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери үчүн билим борбору болуп калат деп ишенем.

БУУнун өнүктүрүү программасы элдин жыргалчылыгы үчүн жаңычылыктарды жана технологияларды ишке киргизүү боюнча туруктуу ыкмалар менен иш алып барган, мүмкүнчүлүктү жана жетишкендиктерди арттырууга өбөлгө түзгөн долбоорлорду ишке ашырууга көмөк корсөтөт»-деди өз сөзүндө Кыргыз Республикасындагы БУУнун системасынын туруктуу координатору/  Кыргыз Республикасындагы БУУнун туруктуу өкүлү д-р Озонния Ожиело белгиледи.

 

«Өзгөрүү- өсүштүн кыймылдаткыч күчү, мына бүгүн мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстанда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жаатында өзгөрүштү көрсөтүп жатышат, ЕККУ ушул процесске салым кошуп жатканы менен сыймыктанаарын» жана  «Бул борбор мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана ведомстволор аралык байланышты бекемдөө үчүн   мамлекеттик каттоо кызматынын билимин жогорулатууда маанилүү роль ойнойт»- деп ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жетекчисинини орун басары Валериу Кивери баса белгиледи.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова «шайлоо системасына донорлордун колдоосу менен инновациялык технологияларды киргизүү менен жарандардын шайлоо системасына болгон ишенимин жогорулаганын», шайлоо системасына болгон калктын ишиними стабилдүүлүктүн негизи экендигин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Догоев Дастан, өлкө башчысы республиканын санарип трансформацияланышына өзгөчө көңүл бураарын белгилеп, өз сөзүндө «Digital CASA» долбоору жана бул долбоордун алкагында өлкөнүн IT-секторундагы өнүгүшү боюнча мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.

     

Өнөктөштөр