Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 29/06/2018
  • Просмотров: 1457
МККнын бардык каттоо сынак бөлүмдөрү ушул дем алыш күндөрү иштешет

Ушул дем алыш күндөрү жарандар авто унааларын каттаттуу үчүн каттоо-сынак бөлүмдөрүнө кайрыла алышат. Жарандардын авто унааны каттоо боюнча каттоо-сынак бөлүмдөрүнө көп кайрылгандыгына байланыштуу аталган бөлүмдөр 29, 30-июнда жана 1,2-июлда саат 8:30дан 21.00 чейин иштешет. Эскерте кетсек транспорт каражатын жеңилдетилген түрдө каттоо боюнча мамлекеттик өнөктүктү өткөрүү мезгилинде транспорт каражаттарын кайра каттоо үчүн, транспорт каражатынын орточо базар наркына карата бекитилген тарифтик торчо менен  аныкталуучу мамлекеттик жыйым 1%  дан  0,1% ылдыйлаган.

Өнөктөштүктүн башталышы менен ишеним каттын негизинде транспорт каражаттарын айдоо кескин кыскарып, бул убакыт ичинде транспорт каражаттарын кайра каттаткандардын саны 3,5 -4 эсе өсүп, 2 апрелден 28 июнга чейин авто унаасын өзүнө каттаткандардын саны  113 миң 193 кө жетти.   

Мындан сырткары үстүбүздөгү жылдын 3-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-июнундагы № 302 токтому күчүнө кирип, ага ылайык транспорт каражатынын орточо базар наркына карата бекитилген тарифтик торчо менен  аныкталуучу мамлекеттик жыйым 1%  дан  0,3 % га ылдыйлайт. Ошондуктан МКК ишеним каттын негизинде транспорт каражатына ээлик кылгын бардык авто унаа ээлерин үстүбүздөгү жылдын аягына чейин автоунааңызды өзүңүздүн атыңызга каттатып алууңуздарды суранат.

 

 

Өнөктөштөр