Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 17/07/2018
  • Просмотров: 2437
III Көчмөндөр оюунуна билеттерди сатуу даректери

III Көчмөндөр оюунунун ачуу жана жабуу аземине билеттерди «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын төмөнкү даректерде жайланышкан байланыш бөлүмдөрүнөн сатып ала аласыздар:

  • № 1 байланыш бөлүмү  (Бишкек шаары, Киев көч, 114 (Военторг) – 1 касса;
  • № 93 байланыш бөлүмү – (Бишкек шаары, Чүй пр., 96 /. Абдрахманова (Советская) ). Бул бөлүмдө 3 касса иштейт;
  • Ош почтамты (Ош шаары, Ленин көч, 320) – 1 касса;
  • Ысык-Көл райондук филиалы (Чолпон-Ата шаары, Совет көч, 122) – 1 касса.

Жарандарга ыңгайлуу болсун үчүн билеттерди саттуу түшкү тыныгуусуз саат 9:00дөн 18:00 чейин жүргүзүлөт.

Ак түстөгү жана чыгыш тараптагы сары түстөгү секторлор чакыруу баракчасы үчүн калтырылып, калган бардык орундар сатуу үчүн ачык.

Билеттердин баасы ачылыш аземине 400дөн 4900 сомге чейин болсо, жабылыш аземине 300дон 3800 сомго чейин.

Билеттерди сатып алуучу жарандар паспорту (паспортунун көчүрмөсү же сүрөтү) менен кайрылышы керек. Эгерде жакындарына алып жатса анда алардын паспортунун көчүрмөсү жана сүрөтү, сүрөт электрондук түрдө (чөнтөк телефон аркылуу) болуусу зарыл. Билет 7 жаштан жогорку жаштагы балдарга сатылган учурда, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү талап кылынат. 7 жашка чейинки жаш балдарга кирүү акысыз, 7 жаштан улуулар үчүн билет  толук баасында сатылат.

Билеттер жекелештирилген, оператор билеттин QR-коддуна жаран боюнча жеке маалымат (аты жөнүн, сүрөтүн, паспорт боюнча маалыматтарын ж б.) киргизет. Азем учурунда жарандар паспорту, жана балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болуусу зарыл.

Билетти башка жактарга берүүгө, QR-кодду бузууга тыюу салынат. Бул эрежелер бузулган учурда билет жокко чыгарылат.

 Сурап билүү телефону: 1929, 0312 61 53 08

  

  ,

 

Өнөктөштөр