Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 18/07/2018
  • Просмотров: 1488
Социалдык жактан аярлуу 2 миңден ашык жарандар өз үйлөрүнөн чыкпастан бекер паспорт алышты

 «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мобилдүү топ борбору иштеп баштагандан бери Бишкек шаары боюнча 2 миң 298 чыгуу ишке ашырышкан. Мобилдүү топтун ишинин натыйжасында  социалдык жактан аярлуу 2 миң186  жаран өз үйлөрүнөн чыкпастан бекер паспорт алышты.

2016-жылдан тартып 2018 –жылдын июль айына чейин Мобилдүү топ борбору тарабынан 1994-жылкы үлгүдөгү 25 миң 848 паспорт жаңы үлгүдөгү ID-картага алмаштырылган.   

2018-жылдын июль айынан тартып БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан колдоого алынып, Япония Өкмөтүнүн техникалык жардамынын аркасында  мобилдуу калкты тейлөө борборунун кызматы Республика боюнча кеңейди. Кызматка берилген 16 кичи автобус мобилдүү калкты тейлөө борборлоруна ылайыкталып, керектүү жабдуулар орнотулду. Бүгүнкү күнү бардык Мобилдүү КТБлар областарга жеткирилип, элге кызмат кылышууда. Алар каттоо жүргүзүү, маалымкат берүү  боюнча тиешелүү бардык жабдуулар менен жабдылып аларда кассалык аппараттар, фото жана ксерокөчүрмө кызматтары да бар.

Мобилдүү топ борбору 2016-жылдан баштап Бишкек шаары боюнча кызмат көрсөтүп баштаган. Мобилдүү топ борбору паспорт алуу (алмаштыруу) үчүн жарандардан жашаган жерине барып арыздарды кабыл алышат.  Мобилдүү топ кызматына Бишкек шаарынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары кайрыла алышат. Кызмат алуунун негизги шарты «Дарек маалымат бюросу» автоматташтырылган маалымат системасында жарандын катталган жери боюнча маалыматтын бар экендиги болуп саналат. Мындан тышкары мобилдүү топ борбору документтештирүү үчүн юридикалык жактарга жана саны 10дон ашык топторго  корпаративдик чыгууларды ишке ашарышат.

Кененирээк маалыматты 0 312 58 60 60, 119 (чалуу акысыз) телефон номерлери аркылуу ала аласыздар. Мобилдүү КТБ кызматы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, тылдын эмгекчилерине I группадагы майыптарга, жетимдер жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына, кызмат көрсөтүү акысыз.

 

Өнөктөштөр