Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 12/11/2014
  • Просмотров: 2418

Кыргызстандын ордо калаасында ушул жылдын 8-ноябрынан баштап 13-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жумушкерлеринин 3-спартакиадасы өтүүдө.

Спартакиаданын алкагында мамлекеттик кызматчылар спорттун кооз жана популярдуу түрлөрү: мини-футбол, волейбол, аркан тартуу, бильярд,  стол тенниси жана ок атуу боюнча мелдештерге катышууда.

Жалпысынан МККнын жана анын ведомсволук бөлүктөрүнүн атынан мелдештерге 56 адам катышып, өздөрүнүн спорттук жөндөмдөрүн, командалык духун жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүп жатышат.

МККнын командасы спорттун эки түрү боюнча: бильярд боюнча 2-орунду жана ок атуу боюнча 3-орунду ээледи.

Бүгүн, 12-ноябрда, аркан тартуу, стол тенниси, волейбол жана мини-футбол боюнча мелдештер өтүүдө. Мини-футбол боюнча МККнын командасы 1/4 финалга чыкты.

“Бул спорттук фестиваль – мамлекеттик кызматчылардын арасында дени сак жашоо образын бекемдөөгө кошкон маанилүү салым жана спортко кызыгууну өнүктүрүү үчүн мыкты мисал болуп калат”, - дейт МККнын Ички контроль башкармалыгынын башкы адиси Улан Мусахан.

Анын айткандары боюнча, келээрки жылы МККнын кызматкерлеринин арасында Спартакиада өткөрүү салтын кайра жандандыруу пландалууда. Мелдештер спорттун 12 түрү боюнча өтөт: тогуз-коргоол, шахмат, гирья спорту, дартс, жеңил атлетика, армреслинг жана башкалар.

Спартакиада КР мамлекеттик кызмат күнүнө арналып өткөрүлмөкчү.

Өнөктөштөр