Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 555 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 13/07/2018
  • Просмотров: 28

Көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу  максатында жана жарандарга ыңгайлуу болсун үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан «Табылгалар бюросу» автоматташтырылган маалымат тутуму ишке берилген.

Табылган документтер кызмат көрсөтүлгөн бардык бөлүмдөрдө: калкты тейлөө борборлорунда, паспорттоштуруу, жарарандык абалдын актыларын каттоо, каттоо-сынак, кыймылсыз мүлктү каттоо, почта түйүндөрү жана Архив агентствосунун бөлүмдөрүндө кабыл алынат. Табылган документтер жөнүндө толук маалымат  «Табылгалар бюросу» автоматташтырылган маалымат тутумуна киргизилет.

Жоголгон документти  https://portal.tazakoom.kg сайтында «Табылгалар бюросу» бөлүмүнөн «Табылгалар бюросу» автоматташтырылган маалымат тутумунан издөө керек. Документти табуу үчүн жеке идентификациялык номер талаасына жоголгон документтин ээси өздөрүнүн 14 сандан турган жеке идентификациялык номерин терүүсү керек. Эгерде жоголгон документ  «Табылгалар бюросу» автоматташтырылган маалымат тутумуна киргизилген болсо Кызматтын 119 сурап билүү номери аркылуу байланышып документти кантип кайтарып алуу боюнча маалыматты алса болот.


Азыркы учурда «Табылгалар бюросу» автоматташтырылган маалымат тутумуна 1264 табылган документтер боюнча маалымат киргизилип,алардын  526 сы өз ээлерине кайтарылып берилди.

Өнөктөштөр