Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 10/08/2018
  • Просмотров: 1501

Мамлекеттик каттоо кызматынын portal.tazakoom.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын онлайн кызматтарынан 10 айдын ичинде жарандар 85 533 жолу колдонушкан. Баарынан көп сурамжылоолор ЖЖКны бузгандыгы үчүн айыппулдарын текшерүү – 36 217 жолу жана Калктын мамлекеттик бирдиктүү реестринен көчүрмө алуу – 21 161 жолу боюнча келип түшкөн. Паспортту тариздетүүгө карата электрондук берилген арыздар санынын жогорулоосу катталган, бардыгы болуп 146 паспорт тариздетилген.

Порталдын ишинин негизги максаты – калкка үйүнөн чыкпастан кызматтардан колдонуу жана маалымкаттарды алуу мүмкүндүгүн сунуштоо, жана бул мамлекеттик санариптик трансформациялоодону маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Портал интернет аркылуу көрсөтүлө турган Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызматтарына карата жеткиликтүүлүктүн бирдиктүү чекити болуп саналат. Авторизациялануу жеке кабинеттен Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын-паспортун пайдалануу менен жүргүзүлөт.

Кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөнүн ыңгайлуу болушу үчүн

Колдонуучуларга акы төлөө ыкмасын тандоо мүмкүндүгүн бере турган: банк карталарын же электрондук капчыкты колдонуучу төлөм тутуму ишке киргизилген.

Бүгүнкү күндө Порталда төмөнкүдөй кызмат көрсөтүүлөр ишке ашырылышкан:

- никегу туруусун каттоого карата арыз берүү;

- үй-бүлөлүк абалын текшерүү;

- паспорттун жарактуулугун текшерүү;

- жалпы жарандык паспортту (ЖЖП) алууга карата арыздарды берүү (биринчи жолу алуу, экинчи ЖЖП, жарактуулук мөөнөтүнүн аяктоосу, виза барактарынын аяктоосу) жана паспорттун даяр болгондугун текшерүү;

- аттестаттардын жана дипломдордун аныктыгын текшерүү;

- жашаган жери боюнча каттоого туруу;

- Табылгалар бюросундагы жокументтерди текшерүү;

- кыймылсыз мүлк жана транспорт каражаты боюнча көчүрмөлөр;

- айдоочулук күбөлүк боюнча көчүрмө;

- ЖЖКны бузгандыгы үчүн айыппулдарды текшерүү.

Мындан башка мамлекеттик каттоо кызматтарын сунуштоону электрондук форматка баскычтуу өткөрүү боюнча иштер улантылууда.

 

Портал ишке киргизилгенден тартып 2018-жылдын 2-августуна карата абал боюнча электрондук түрдө 85533 кызмат көрсөтүлгөн, алардын ичинде:

Кызмат көрсөтүүнүн аталышы

Саны

1

ЖККны бузуу айыппулдарын текшерүү

36217

2

КМБРден көчүрмөлөр (юридикалык жактар тарабынан)

21066

3

Каттоо дарегинин бар экенин текшерүү

8059

4

Паспорттун даяр болушун текшерүү

6600

5

Үй-бүлөлүк абалын текшерүү           

6032

6

Паспортту текшерүү

4799

7

Табылгалар бюросу

1514

8

Дипломдун аныктыгын текшерүү

489

9

Транспорт каражаты боюнча көчүрмөлөрдү алуу

103

10

КМБРден көчүрмөлөр (жеке адамдар тарабынан)

95

11

Аттестаттын аныктыгын текшерүү

94

12

Айдоочулук күбөлүк боюнча көчүрмөнү алуу

87

13

ДМБ маалымкаты

58

14

Кыймылсыз мүлккө карата укуктардын мамлекеттик реестринен алынган көчүрмө

57

15

Жалпы жарандык паспортту алгачкы жолу алуу

53

16

Жалпы жарандык паспортту экинчи жолу алуу

52

17

Жалпы жарандык паспортту жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин алуу

41

18

Никеге туруусун каттоо

25

19

Кыймылсыз мүлккө карата укуктарды жана чектөөлөрдү каттоого карата арыз берүү

22

20

Жалпы жарандык паспортту виза барактары аяктаган учурда алуу

15

21

Кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалымат

14

22

Кыймылсыз мүлккө карата укуктардын тарыхы

14

23

Укук аныктоочу жана укукту чектөөчү документтердин чыгарылгандыгы тууралуу электрондук билдирме

12

24

Жашаган жери боюнча каттоосу

11

25

Убактылуу каттоосун узартуу

4

 

 

БАРДЫГЫ БОЛУП КЫЗМАТТАР

 

85533

 

 

Өнөктөштөр