Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 555 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 15/08/2018
  • Просмотров: 43
Калкты тейлөө борборуна балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү келишти

«Биздин добуш» коомдук фондунун демилгеси менен 13 жаштан 20 жашка чейинки курактагы балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү калкты тейлөө борборуна таанышуу экскурсиясы менен келишти. Тааныштыруу менен гана чектелбестен,  балдарга өз убагында документтештирүүнүн зарылдыгы жана документештирүүдөгү бардык процесстердин жеткиликтүүлүгү жана жөнөкөйлөнүштүрүлгөдүгү боюнча түшүндүрүү иштери жургүзүлдү.

Экскурсиянын катышуучулары жаңы форматтагы калкты тейлөө борборунун иши жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Бул калкты тейлөө борборунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук жана Чүй областынын Аламедин райондук паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмдөрү, ошондой эле аталган райондордун жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекече эсепке алуу бөлүмдөрү жайгашкан. Бул калкты тейлөө борбору күнүгө орточо эсеп менен 1000-2000 жаранга кызмат көрсөтөт.  

Электрондук кезек күтүү киргизилгенден бери калкты тейлөө борборунун иши жөнгө салынып, «Паспорт», «ЖААК» автоматташтырылган маалымат тутумдары ишке кириши менен, талап кылынган документтердин саны кескин кыскарып, кызмат көрсөтүүгө кеткен убакыт да азайды.  

Мындан тышкары, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн мобилдүү топ борбору кызматы - жарандын жашаган жерине барып документин кабыл алуу жана VIP-кызматы – жарандарга кезексиз кызмат көрсөтүү кызматы каралган.

№2 калкты тейлөө борбору Ч. Валиханов 2 дарегиндеги «Аю-Гран-Комфорт» соода борборунда жайгашкан.

 


Өнөктөштөр