Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 12/11/2014
  • Просмотров: 2376

МККнын Штабынын маалыматтарына ылайык, 20-октябрдан баштап 11-ноябрга чейин (15 жумуш күн) Бишкек шаары боюнча 28 миң 675 адам биометрикалык каттоодон өттү, ал эми региондор боюнча 2 күндүн ичинде 2 миңден ашык адам тапшырды.

12-ноябрдан баштап Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде, КР Тышкы иштер министрлигинде маалыматтарды топтоо түйүндөрү ачылды. 13-ноябрда мобилдүү топ биометрикалык маалыматтарды топтоо үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрилигине жиберилди.

Шаардагы ЖОЖдордун арасында бүгүнкү күнү маалыматтарды топтоо Туризм академиясында, Кыгыз мамлекттик техникалык университетинде, И. Арабаев атындагы КМУда, Скрябин атындагы КУАУда, КР Президентине караштуу МБАда, Кыргыз экономикалык университетинде, КМКТАУда, Ж. Баласагын атындагы КМУда, Дене тарбия жана спорт академиясында жүргүзүлүп жатат

Бишкек шаары боюнча маалыматтарды  топтоо төрт райондун баарында: Свердлов районунда – 10 түйүндө, Ленин районунда – 12, Биринчимай районунда – 9, Октябрь районунда 13 түйүндө жүрүүдө.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо үчүн түйүндөр бүтүндөй республика боюнча: Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустарында негизинен айыл өкмөттөрүнүн имараттарында ачылган.

Кыргызстандын региондоруна жеткирилген  жабдуулардын саны:

Облус

Жеткирилген жабдуулардын саны

Ачылган түйүндөрдүн саны

Ачылат

1.      

Нарын

75

7

75

2.      

Талас

50

32

50

3.      

Ысык-Көл

81

3

81

4.      

Жалал-Абад

106

7

106

5.      

Ош облусу жана Ош шаары

119

Ош шаары 7

Ош облусу 20

Ош шаары боюнча 19

Ош облусу боюнча 100

6.      

Баткен

52

10

52

7.      

Чүй облусу

125

30

125

 

 

 

Өнөктөштөр