Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 24/08/2018
  • Просмотров: 1527
Кытай Эл Республикасынын Юстиция министрлигинин делегациясы КТБда конокто

Башында мырза Юань Шухунг, министрдин орун басары турган Кытай Эл Республикасынын Юстиция министрлигинин делегациясы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү Бишкек шаарынын КТБ №1 конокто болушту.

Визит ШКУ мүчө-мамлекеттеринин юстиция министрликтеринин алтынчы Жыйынынын алкактарында өткөрүлдү.
Калкты тейлөө борборунда расмий делегацияны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Сарыбаев Русланбек Рыскулбекович тосуп алды.
Визиттин жүрүшүндө документтештирүү процесси жана жаңы форматтагы КТБнын иш алып баруусу менен таанышуу жүргүзүлдү. Эки өлкөнүн мамлекеттик маанидеги документтерди (паспорттор, мамлекеттик актылар, номер белгилери жана башкалар) өнүктүрүү жана өндүрүү тууралуу пикир алмашуу жүрдү. КТБлар аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, бир орундагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун эң натыйжалуу формасы катары жогорулатуу жолдору белгиленди.
КТБлардын ишмердигин жакшыртуудагы негизги позициялар болуп жаңы маалыматтык технологияларды ишке киргизүү, талап кылынуучу документтер тизмегин, маалымкаттарды, ошондой эле паспортторду даярдоо жана берүү мөөнөттөрүн кыскартуу аталды.
МККнын төрагасынын орун басары белгилеп кеткендей, Кыргызстан боюнча бүгүнкү күндө 17 ири жана 4 мини КТБлар ийгиликтүү иш алып барышууда. Орто эсеп менен КТБда күн ичинде 1000-2000ге жакын жарандар тейленишет, электрондук кезекте күтүү убактысы 10дон 20 мүнөткө чейинки убакытты түзөт. Жарандар МККнын Call-борборунун телефону боюнча көрсөтүлүп жаткан кызматтар тууралуу кеңештерди ала алышат. Калкка ошондой эле СМС-маалымдоонун жардамы менен автоматтык билдирүү кызматы дагы сунушталат. Алыскы калктуу пункттардагы жашоочулар жана мүмкүндүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыздоо максаттарында үйгө барып паспортту тариздетүү боюнча көчмө КТБлар уюштурулушкан.
«Кыргызстан тарабынан калкты паспорттоштуруу тармагында олуттуу жетишкендиктерге жетишилди. Сиздерде паспортту үч саат ичинде алуу мүмкүндүгү бар, көп сандаган миллиондогон калкы бар бизде али буга жетише албадык. Сиздерден үйрөнүүгө боло турган нерселер да бар» - деп белгиледи Кытай Эл Республикасынын юстиция министринин орун басары Юань Шухунг.
Жолугушуунун аягында катышуучулар ар тараптуу кызматташууну активдештирүүгө карата даярдыгын билдиришти.

Белгилей кетүү керек, жаңы форматтагы Калкты тейлөө борборунун ишмердиги менен таанышуу, башка өлкөлөрдүн чиновниктери үчүн Кыргызстанга болгон визиттин ажыратылгыс бөлүгү болуп калууда.

Өнөктөштөр