Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 12/11/2014
  • Просмотров: 1977

2014-жылдын 9 айында  кыймылсыз мүлккө болгон 249084 укук катталды, бул өткөн жылдын окшош мезгилне караганда 12%га көбүрөөк (2013-жылдын 9 айында – 222 462 укук катталган). Бул тууралуу МККнын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлкө укуктарды каттоо департамнтинен билдиришти. Бүтүмдөрдүн тизмегине кыймылсыз мүлктөрдү сатуу-алуу, күрөө, ижара, белекке берүү, мурастоо жана алмашуу кирет. Ведомствонун маалыматтарына ылайык, операциялардын бардык түрлөрү боюнча өсүү тенденциясы байкалууда, аны менен республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге акча түшүүлөр дагы көбөйүп жатат.

“Жерге менчик укуктарын коргоо” кыргыз-норвегия долбоорунун алкагында республикада бар болгон 13 референцтик базалык станцияларга кошумча дагы 6 станция орнотулду. Учурда тестирлөө иштери аяктап, аларды жалпы Улуттук GNSS тарамга туташтыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, Ысык-Көл облусу боюнча санарип кадастр карталарын геобайланыштыруу боюнча иш жүргүзүлүп жатат.

2014-жылы Дүйнөлүк банктын Doing Business-2015 рейтингине ылайык Кыргызстан 189 өлкөнүн ичинен 6-позицияга көтөрүлдү. Буга “Менчикти каттоо” индикатору боюнча эң мыкты практикалардын тизмесиндеги Кыргызстандын жетишкендиги негиз болду. 2009-жылга салыштырмалуу өлкө 46 позицияга жогорулады.

Кыргызстан өзүнүн позициясын жакшыртууга кыймылсыз мүлктү каттоонун жол-жоболорун жеңилдеткен реформаларды жүргүзүү менен жетишти. МККнын алдындагы Кадастр департаментинин ГМТ Борборунун жетекчиси Бакытбек Жусупбеков белгилегендей, “Эми бүтүмдү жергиликтүү каттоо органында 1 сааттын ичинде тариздөөгө болот. Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык тутумдан он-лайн режиминде алууга болот, бул калктын финансылык чыгымдарын кыскартууга жана  убактысын үнөмдөөгө шарт түзөт. Натыйжада бул үчүн зарыл болгон жол-жоболордун саны азайтылды”.

“Бизнес жүргүзүү – 2015” доклады 12 жылдан бери түзүлүп келет жана 189 өлкөнү камтыйт. Анда ишкерликтин бардык циклдеринин ичинде, анын ичинде ишкананы түзүүдө, бизнес жүргүзүүдө, тышкы соода ишмердүүлүгүн ишке ашырууда, салыктарды төлөөдө бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө берген же тоскоолдук жараткан ченемдер, ошондой эле инвесторлордун укутарын коргоонун деңгээли жана башкалар изилденет. 

Өнөктөштөр