Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 04/09/2018
  • Просмотров: 1574
Ч. Айтматовдун өздүк фондундагы архивдик документтердин виртуалдык көргөзмөсү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Борбордук мамлекеттик архив Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Ленин атындагы премиянын лауреаты Кыргыз эл жазуучусу Айтматов Чынгыз Төрөкуловичтин 90 жылдыгына карата, жазуучунун өздүк фондундагы архивдик документтеринин виртуалдык көргөзмөсүн сунуштайт.    

Борбордук мамлекеттик архив согуштун жана эмгек ардагерлеринин, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук, маданият жана искусство ишмерлеринин документтерин сактап келет. Алардын арасында Кыргыз эл жазуучусу Айтматов Чынгыз Төрөкуловичтин да өздүк документтери сакталат.

Бул документтер Чынгыз Төрөкуловичтин өзүнүн демилгеси менен 2004-жылы борбордук мамлекеттик архивге мамлекеттик сактоого өткөрүлуп берилип, 2010-жылы Роза Айтматова бул фондду башка документтерди өткөрүп берүү менен толуктаган.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министрлиги тарабынан жазуучуга тиешелүү 130 документ аталган фондду толуктоо максатында борбордук архивге өткөрүлүп берилген.

Азыркы күндө МККнын алдындагы борбордук мамлекеттик архив жазуучунун өздүк фондундагы архивдик документтердин виртуалдык көргөзмөсүн сунуштайт. 

Көргөзмө менен http://aitmatov.archive.kg -шилтемесин басуу менен тааныша аласыздар.

Көргөзмө үч бөлүктөн турат:

Үй-бүлө

Талант жана анын доору

Ысык-Көл форуму

Өнөктөштөр