Мамлекеттик каттоо кызматынын буйругуна ылайык, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Бишкек шаардык каттоо-сынак бөлүмүнүн кызматкерлеринин ишинин үстүнөн кызматтык текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Кызматтык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, айдоочулук күбөлүктү алууга тапшырылуучу квалификациялык сынак алуу эрежесинин бузулгандыгы катталып, жыйынтыгында жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Бишкек шаардык каттоо-сынак бөлүмүнүн кызматчыларына карата тартиптик жаза чаралары көрүлдү.
Бишкек шаардык каттоо-сынак бөлүмүнүн башчысы Н. З. Алмаматов ээлеген кызматына толук ылайык келбегендиги жөнүндө эскертүү берилсе, анын орун басары Рыскулова З.Р. ээлеген кызматынан ылдыйлап, Ысык-Көл райондук каттоо-сынак бөүмүнө жетектөөчү адис кызматына которулду.
Андан тышкары Бишкек шаардык каттоо-сынак бөлүмүнүн кызматчылары С.А. Турусбековго жана А.С. Ахматбековдорго катуу сөгүш жарыяланды.