Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 28/11/2014
  • Просмотров: 2326

МККнын Штабы Бишкектеги Ала-Тоо конушунун №3 муниципалдык аймактык башкармалыгынын (МАБ) кеңсесинде жана Кривоносов, 11 дарегинде жайгашкан №44 орто мектепте топтоо түйүндөрү ачылганын билдирет.

Чоң-Арык айылында МАБдын кеңсесиндеги түйүндүн иши жандандырылды.

28-ноябрда КР Ички иштер министрлигинде жана ГАЗПРОМдун уюмунда (БишкекГаздын филиалдары), ошондой эле Бишкек шаардык Саламаттыкты сактоо департаментинде жана Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгында маалыматтарды топтоо башталды.

Төмөндөгү ведомстволордо жана компанияларда мобилдүү топтордун иши уланууда:

-  Башкы прокуратура (1 комплект);

-  КР Коргоо министрлиги (4 комплект);

- КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция  (1 комплект);

- Бишкек шаарынын мэриясы (2 комплект);

- Свердлов райондук администрациясы (1 комплект);

- Бишкек жылуулук тармагы (3 комплект);

Ошондой эле биометрикалык маалыматтарды топтоо Бишкек шаарындагы төмөнкү ЖОЖдордо жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдайбыз:

  1. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (8-корпус);
  2. И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети;
  3. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
  4. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети;
  5. Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университети;
  6. И. Арабаев атындагы КМУнун филиалы (10 мкр.);
  7. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы;
  8. Б.  Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян  университети;
  9. Кыргыз туризм академиясы;
  10.  КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы;
  11.  К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети.

Өнөктөштөр