Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 14/11/2018
  • Просмотров: 2183
Улукбек Кочкоров КТБда балага берилчү сүйүнчүнү алууда электрондук арыздардын толтуруу процесси менен таанышып чыкты
    Бүгүн 11-ноябрда, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Октябрь жана Биринчи Май райондорунун калкты тейлөө борборлорунда болуп келди. Жаңы министр КТБларды жаңы төрөлгөн балага берилчү сүйүнчүнү алууда электрондук арыздардын толтуруу процесси менен таанышуу максатында барган.
    «Бүгүнкү күндө «Балага сүйүнчү» алуу боюнча арыз менен жарандар, калкты тейлөө борборлоруна, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрүнө жана маалыматтык күркөлөргө кайрыла алышат. Жарандардын басымдуу бөлүгү КТБлоруна жана ЖААК бөлүмдөрүнө кайрылышат. Биздин операторлор арыздарды 2-3 мүнөттүн ичинде кабыл алып, онлайн режимде Эмгек жана социалдык министрлигине жөнөтүшөт. Жарандар балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн ЖААКтарга кайрылганда банктык эсеби болсо, ордунан «балага сүйүнчү» электрондук анкетасын толтурулат. Банктык эсеби жок болгон учурда, жаран эсеп ачтыргандан кийин гана «балага сүйүнчү» алуу үчүн арыз тапшыруу үчүн кайрылса болот» - деп Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев министрге «Балага сүйүнчү»  анкетасынын электрондук түрдө, онлайн режимде түзүлүү процессин айтып берди.
    Министр жарандардан «балага сүйүнчү» алуу боюнча арызды кабыл алуу менен ордунан таанышып, эки мүнөттүн ичинде толтурулуп бүткөн арыздын эмгек жана социалдык министрлигиние онлайн жеткендигин текшерүү боюнча өзүнүн орун басарына тапшырма берди. Министрликтин кызматкери телефон аркылуу арыздын түшкөнүн дароо тастыктады. Өз кезегинде Улукбек Кочкоров компьютерге келген маалыматты сүрөткө тартып  WhatsApp аркылуу жөнөтүүсүн суранды. Министрликтин кызматкеринин уюлдук телефонуна  арыздын келип түшкөнүн далилдеген сүрөтү келип түштү.
    Мындай кийин министр жакын жайгашкан министрликтин эки бөлүмүнө барып, «балага сүйүнчү» алуу боюнча келип түшкөн арыздын мындан аркы  каралышы менен таанышаарын билдирип, сүйүнчү пулду алууга кеткен мөөнөт эки жума көп экендигин белгилеп, ошол эле учурда  мамлекеттик каттоо кызматты тарабынан эч кандай кечиктирүү жок экендине ынанды.

Өнөктөштөр