Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 08/01/2019
  • Просмотров: 1341
2019-жылдан тартып электркыймылдаткычтуу транспорт каражаттары каттоо үчүн жыйым төлөөдөн бошотулат

2019-жылдан тартып,  2019-жылдын 1 январынан тартып күчүнө кирген Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинине ылайык электр кыймылдаткычтары бар транспорттук каражаттардын ээлери каттоо (кайра каттоо) үчүн алымдарды төлөөдөн бошотулат, ал эми гибриддик транспорт каражатын каттоо (кайра каттоо) үчүн, транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо үчүн алынуучу жыйымдан 50 пайызга аз жыйым алынат.

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тартып, 2019-жылга карата транспорт каражаттарын каттоодо жана кайра каттоодо колдонулулуучу  5% жана 0,3% жаңы тарифтик торчо күчүнө киргендигин эсиңиздерге салабыз. Транспорт каражаттарын каттатуучу жактар жыйымдын төлөөчүсү болуп саналат. Бекитилген тарифтик торчо боюнча транспорт каражатын алгачкы каттоодо жыйымдын өлчөмү 5 %, түзсө, ал эми аны кайра каттоодо алынуучу жыйым  0,3 % түзөт.

 

Өнөктөштөр