Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 04/02/2019
  • Просмотров: 1584

Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын жарандарынын жаңы муундагы (ePassport) - жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык паспорттордун бланктарын сатып алууга тендер өткөрүп, жеңүүчүсүн аныктады

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын 29 беренесинин 11 пунктуна ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматы потенциалдуу жеткирүүчү менен келишим түзгөнгө чейин, сатып алуу боюнча, мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуучу ченем укуктук актылар менен шайкештигин аныктоо үчүн, көз карандысыз аудит өткөрдү. Конкурстук арыздарды баалоо, ошондой эле өткөрүлгөн көз карандысыз аудитордук корутундунунун негизинде конкурстун жеңүүчүсү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жаңы муундагы паспортторунун бланктарын жеткирүүчүсү деп «Гарсу пасаулис» (Литва Республикасы) жабык акционердик коому аныкталды.

Бланктарга техникалык талаптар Datacard компаниясынын документтерди жекелештирүү жабдуусуна ылайык коюлган. Datacard жабдуусу 2017-жылы Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын колдоосу менен алынган. Сатып алуулардын жол-жоболору жана конкурстук документтер ведомстволор аралык комиссияда каралган.

Маалымат үчүн: Жаңы муундагы биометрикалык маалыматтарды камтыган улуттук паспортторду киргизүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында турган коопсуздукту камсыз кылуу, чек ара аралык кылмыштуулукка бөгөт коюу, жарандардын чек арадан өтүүдө колдонуучу документтерин бурмалоосун жокко чыгаруусу боюнча милдеттеринин аткаруудагы иштеринин негизгиси болуп саналат.

Каттоо кызматы жаңы муундагы документтерди эки баскычта ишке киргизүүдө.

Биринчи баскычынын алкагында 2017-жылдын 1-майынан эл аралык стандарттарга жооп берген, сапаттуу коргоо элементтерин камтыган eID-картасы ишке киргизилген.

Экинчи баскычында жарандык авиациянын эл Аралык уюмунун (ИКАО) стандарттары боюнча Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөгө чыгууда колдонулуучу электрондук жалпы жарандык паспортту (ePassport) ишке киргизүү.

Жаңы муундагы паспорт мурдагылардан айырмаланып ээсинин жеке маалыматы жазылган чип орнотулган поликарбонат баракчасы, ошондой эле лазердик жана өзгөчө мөөр басуу 2 ыкма менен басып чыгаруу.

 

Жаңы документтин коопсуздугун 40 коргоо элементтери камсыз кылып, бул документ менен чек арадан өткөн учурда, жарандын ким экендигин аныктоо тез жүргүзүлүп, өлкөбүздүн кадыр-баркын көтөрүп, чет мамлекеттерге баруу үчүн виза алууда оң таасирин тийгизип, ошондой эле чет өлкөлөргө бат-бат чыккан жарандар үчүн паспорттун визалык беттеринин 34 төн 50 чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Өнөктөштөр