Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 07/02/2019
  • Просмотров: 1754
МККнын Call-борборунда 200 миңден ашык чалуулар кабыл алынган

 

                2018-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын Call-борборунда 200 миңден ашык чалуулар кабыл алынган. Абоненттердин көпчүлүгү паспорт алуу маселелерине кызыгышкан.

         МККнын grs.gov.kg, infocom.kg, portal.srs.kg, nomer.srs.kg интернет ресурстарындагы онлайн-чат аркылуу 20-минден ашык диалогдор өткөрүлдү. Күн сайын оператордун үнүнө  200дөн кем эмес абонент  "кулак кагат".     

         Жыл санап Call-борборго кайрылган жарандардын санынын өсүп жаткандыгы белгиленүүдө. 2015-жылы 130 миңден ашуун жарандар кайрылышкан, 2016-жылы – 150 миң, 2017-жылы болсо – 305 миң. 2015-жылдын августунда ачылгандан бери кабыл алынган чалуулардын жалпы саны 815 минден ашкан.

15 октябрь 2017 жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоо учурунда рекордтук чалуулар - 9,5 мин иштелип чыккан.

         Call-борбордун кызматтарынан өлкөнүн чегинен тышкары жактарда жүрүшкөн жарандар пайдалана алышат. Күн сайын жергиликтүү убакыт боюнча саат тогуздан кечки алтыга чейин он оператор 2000 жолку чалууларды  иштеп чыгышат.

         Кыргызстан жарандарынын көпчүлүк бөлүгү паспорт берүү жол-жоболорун, унааны каттоо жана айдоочунун күбөлүгүн, ЖААК документтерин алуу жана онлайн-аукцион аркылуу унаалар үчүн өзгөчө кооз номерлерди алуу маселелери боюнча кайрылышат. Ошондой эле кыймылсыз мүлк, шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана ар түрдүү даттанып арыздануу тууралуу маалымат алуу үчүн чалышат.

         МККнын Call-борбору өз ишин 2015-жылдын 18-августунда баштаган, ал заманбап жабдуулар жана сапаттуу кызматтарды сунуштоо үчүн программалык камсыздоолор менен жабдылган. IVR-системасы (Interactive Voice Response) аркылуу кабыл алынган чалуулар саны жана сапаты, түрлөрү боюнча  электрондук түрдө отчет жүргүзүлөт.  Мамлекеттик сектордо “Инфоком” МИси аутсорсинг кызматтарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар жападан-жалгыз контакт борбор болуп саналат.

Кызыктуу статистика:

- Call-борборго кайрылгандардын жалпы санынын 70 пайызын аялдар түзөт;

- чалуулардын активдүү болушу саат 10дон бирге чейин көп байкалат;

- ар бир оператор улам кийинки жаңы сүйлөшүүнү ар бир 120 секунда сайын баштайт.

Өнөктөштөр