Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 01/02/2019
  • Просмотров: 1599
«Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга толуктоолорду киргизүү сунушталды

Кыргыз Республикасында балдар арасында жарансыздыкты жоюу жана туулгандыкты каттоо маселелерин боюнча тегерек стол өтүп,  «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга толуктоолорду киргизүү талкууланды. Бул документтин кабыл алынышы менен ЖААК органдарында ата-энесинин документин сурабастан, баланын туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүгүнүн негизинде туулгандыкты каттоо мүмкүнчүлүгү пайда болот. Баланын ата-энесинин ким экендигин ырастаган документтердин жоктугу балдарды документтештирүүдөн баш тартуунун негизги себеби  болуп,  кеч документтештирилгендердин саны өсүүдө.

Баланын укугу жөнүндө конвенциясы боюнча, бала төрөлгөндө дароо  катталып, ат коюлуп жана жарандык алууга укуктуу. Ал эми  Кыргыз Республикасы  аталган уюмдун мүчөсү болуп саналат.

Сунушталган Мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынса, баланын туулгандыгы боюнча факт «ЖААК» автоматташтырылган тутумда жазылып, туулгандыгы тууралуу күбөлүк ата энесинин документтери такталгандан кийин берилет.

Ошондой эле, бүгүнкү күндө ЖААК кызматын алуу үчүн жарандар катталган жери боюнча же баштапкы каттоо жүргүзүлгөн жери боюнча кайрылууга мажбур болушуп, ички миграция маселесин эске алганда, жарандар үчүн кыйынчылыктарды жаратып келген. Мыйзамга  тиешелүү түзөтүүлөр кирсе, жарандарда жашаган же туулган жерине карабастан, жарандык абалдын актыларын каттоо үчүн каалаган ЖААК бөлүмүнө кайрылуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, электрондук кызмат көрсөтүүгө шарт түзүлөт. Мыйзамдын азыркы редакциясы боюнча катталган актылар кагаз жүзүндө 2 нускада сакталып келет.

Муну менен катар эле өзгөртүүлөрдүн кириши менен   көрсөтүлгөн кызматтын сапаты жакшырып, туулгандыкты каттоо процесси жеңилдейт.

Өнөктөштөр