Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 03/04/2019
  • Просмотров: 1623
Мамлекеттик каттоо кызматы төрт эмге туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы февраль айында шаардык перинаталдык борбордо төрөлгөн төрт эмге туулгандыгы тууралуу кубөлүктөрүн тапшырышты.

Мамкаттоого караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жарандык абалды каттоо бөлүмүнүн бөлүм башчысы Атанаева Гульжан төрт эмдин бактылуу ата-энеси Азамат менен Нурайымга салтанаттуу маанайда Аруукенин, Акберметтин, Айчолпондун жана Сооронбайдын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн тапшырды. “Төрт эмдин төрөлүшү бул үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн кубанычы. Балдардын төрөлүшү үй-бүлө институтун бекемдесе, үй-бүлөнүн бекемдиги өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө  өбөлгө болот” – деп ЖААК бөлүмүнүн башчысы белгилеп кетти. Иш чара убагында жаш үй-бүлөдөн төрт эмге “Балага сүйүнчү” жөлөк пулун алууга арыз да кабыл алынды.

Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү кичинекей бөбөктөргө жана ата-энесине ден соолук каалап, борбордук аппараттын эмгек жааматынын атынан белектерин тапшырышты.

 

Өнөктөштөр