Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 17/04/2019
  • Просмотров: 2473
Биометрикалык жалпы жарандык паспорттордун бланктарын сатып алуу боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы жаңы муундагы биометрикалык жалпы жарандык паспорттордун бланктарын сатып алуу боюнча  (жалпы жарандык паспорту – чет өлкөлүк паспорт, дипломаттык, кызматтык), төмөнкүлөрдү билдирет:

2018-жылдын 23-октябрында электрондук мамлекеттик сатып алуулар расмий Порталында МКК тарабынан ачык сынак жарыяланган. 

2018-жылдын 19-ноябрда төмөнкү 5 компаниянын сынактык табыштамалары ачыкталган:

- Muhlbauer ID Services GmbH — 686 772 250 сом;

- Veridos GmbH — 936 347 750 сом;

- ЖАК «Гарсу пасаулис» — 940 150 000 сом;

- IDEMIA France SAS — 948 713 750 сом;

- Казахстан Республиканскасынын «Банкнотная фабрика» мамлекеттик ишканасы — 1 257 847 112,5 сом.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын  «29» беренесине ылайык,  

- берилген документтердин сынактык документтерде белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келбегендиги;

- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамына ылайык, сынакта талап кылынган

документтердин толук эместигине байланыштуу   Veridos GmbH (Германия), Muhlbauer ID Services GmbH (Германия), - Казахстан Республиканскасынын «Банкнотная фабрика» мамлекеттик ишканасынын өтүнмөлөрү сынактан четтетилди.

2019-жылдын 11-январынан сынактык комиссия тарабынан чечим кабыл алынып,  «Гарсу пасаулис» ЖАК (Литва), конкурстун жеңүүчүсү катары аныкталып, IDEMIA France SAS (Франция) компаниясына экинчи орун ыйгарылган.

Жүргүзүлгөн көз карандысыз аудиттин жана Muhlbauer ID Services GmbH (Германия) жана IDEMIA France SAS (Франция) тарабынан даттанууларды карап чыккан ведомстволор аралык көз карандысыз комиссиянын ишинин жыйынтыктары боюнча,  өткөрүлгөн конкурстун жол-жоболорун бузуу табылган эмес жана даттануулардын негизсиздиги жөнүндө чечим чыгарылган.

Сынак өткөрүүгө белгиленген мөөнөт 2019 – жылдын   2-апрелинде аяктады, сынактын жеңүүчүсү аталган «Гарсу пасаулис» ЖАК (Литва) менен келишимге кол коюлган жок, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамына ылайык,  сынактык табыштамалардын мөөнөтү бүттү, келишимге кол коюлган жок, андыктан конкурс өткөн жок.

Жаңы муундагы биометрикалык паспорттордун бланктары алынган жок, «Гарсу пасаулис» ЖАК (Литва) менен келишимге кол коюлган жок, өлкөнүн казнасынан «Гарсу пасаулис» компаниясына эч кандай акча каражаты төлөнгөн эмес, андыктан экономикалык зыян келтирилген жок.

Стратегиялык маанидеги кызмат болуп эсептелген улуттук типтеги Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун жасоо кызматын  жеке менчик компаниялардын карамагынан мамлекетке алуу боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан алгылыктуу иш аракеттер жүргүзүлүп, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын өз күчү менен паспортторду персонификациялоо боюнча программалык жабдуулар, маалыматтык тутумдар жана калктын маалымат базалары иштелип чыккан.

 2017-жылы гранттык негизде БУУнун Өнүктүрүү Программалары аркылуу жаңы муундагы биометрикалык паспортторду  даярдоочү жабдуу алынып, тесттен өткөрүлүп, иштөөгө даяр.

Учурда,  мурда иштеп чыккан дизайнга ылайык, жаңы муундагы биометрикалык паспортторду жасоого керектелүүчү материалдар: бланктарды (кагаздарды) сатып алуу зарыл.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын кызматчылары мамлекеттик сатып алуунү жүргүзүүдө,  Мыйзам чегинде  иш алып барышкан.

- каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Сарыбаев Р.Р. – сынак комиссиясынын төрагасы катары Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамына ылайык иш алып баргандыгын көз карандысыз органдардын жана коммиссиялардын чечими  тастыктайт;

- каттоо кызматынын статс-катчысы Бакчиев Д.Б.- сынактык комиссиянын мүчөсү эмес жана сынактын жеңүүчүсү аталган «Гарсу пасаулис» ЖАК (Литва) менен келишимге кол койгон эмес;

- «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Абдуллаев Т.Т. - сынактык комиссиянын мүчөсү эмес жана сынактык комиссиянын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок.

Мамлекеттик каттоо кызматы, каттоо кызматы тарабынан жасалуучу жана берилүүчү документтерге чыгымдалуучу материалдардын - бланктардын бардык түрүн сатып алууда, алынган товар сатылгандан кийин гана жеткирүүчүгө акы төлөө принцибин колдонот, ошондой эле акыркы жылдардагы документтин баасынын чет өлкөлүк валютага көз карандылыгына байланыштуу өсүшүн эске алуу менен, бардык келишимдерди Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы (сом) менен гана түзөт.  

          

 

Өнөктөштөр