Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 06/06/2019
  • Просмотров: 1484
Президент Сооронбай Жээнбеков МКК төрагасы менен катоо-эсепке алуу системасын модернизациялоо боюнча чараларды талкуулады

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июнда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик катоо кызматынын (МКК) төрагасы Алмаз Мамбетовду кабыл алды.

Өлкөнүн каттоо-эсепке алуу системасындагы азыркы кырдаал, аны өнүктүрүүнүн, оптимизациялоонун жана модернизациялоонун болочогу талкууланды.

Мамлекет башчысы региондордогу калктын турмушунун сапаты, алардын социалдык-экономикалык өнүгүшү көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын, анын ичинде кыймылсыз мүлккө, унаа каражаттарына болгон укукту, айдоочулар курамын жана жарандык абал актыларын каттоонун сапатына түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи.

«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук аракеттешүү Системасын киргизүү боюнча процессти тездетүү жана электрондук башкарууну жылдыруу аркылуу өлкөнү өнүктүрүүнүн санариптик негиздерин илгерилетүү 2019-жылы — Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында МКК ишмердигинин негизги багыты болушу керек экени белгиленди.

Бул милдетти Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекекттик комитети менен тыгыз байланшыта биргелешип ишке ашыруу зарыл.

«Маалыматтык ресурстардын заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен тыгыз байланышына негизделген натыйжалуу каттоо-эсепке алуу системасын куруу, аны туруктуу өнүктүрүү жана өркүндөтүү МККнын жакынкы болочоктогу негизги милдеттеринин бири болушу керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал керектөөчүлөр үчүн кызматтардын сапатын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө багытталган каттоонун бирдиктүү натыйжалуу, корголгон, шексиз жана олуттуу системасын түзүүнүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков региондорду өнүктүрүү саясатынын алкагында маалыматтык күркөлөрдүн тармагын өнүктүрүү аркылуу мамлекеттик кызматтардын облустардагы калк үчүн жеткиликтүүлүгүн жогоралуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, убакыт чыгымдарды жана коррупциялык схемаларды азайтуу максатында керектөөчүлөр менен каттоо органдарынын кызматкерлери ортосундагы байланышты минимизациялоо боюнча милдеттер коюлду.

МКК төрагасы Алмаз Мамбетов жаңы Калкты тейлөө Борболорун (КТБ) куруу боюнча пландары, маалыматтарды санарипке которуу жана жаңы үлгүдөгү мамлекетик маанидеги документтерди киргизүү боюнча пландары тууралуу маалымат берди.

Андан тышкары, кадастр системасын жана кыймылсыз мүлккө менчитки каттоо системасын өнүктүрүү тууралуу маалымат берилди.

Алмаз Мамбетов МКК калктын жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөргө өтүү процессине даярдык көрүп жатканын билдирди.

«Жаңы күбөлүктөрдүн баасы эки эсеге арзан болот. Буга чейин бул иш менен жеке менчик менчик компания алектенчү, эми бул долбоорду МКК ишке ашырат», — деди ал.

МКК төрагасы жаңы айдоочулук күбөлүктү киргизгенге чейин бул документти биринчи жолу же жаңыдан алып жаткандар үчүн убактылуу айдоочулук күбөлүк киргизилерин баса белгиледи.

Алмаз Мамбетов жарандардын жүгүн жеңилдетүү үчүн мамлекеттик кызматтарды оптимизациялоо жүргүзүлөрүн, ошондой эле өлкөнүн Калкты тейлөө борборлорунда мамлекеттик кызматтардын жаңы түрлөрү кошумча киргизилерин кошумчалады.

Өнөктөштөр