Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 18/06/2019
  • Просмотров: 1323
 “Кыргыз почтасы” мамлекеттик мекемесине автоунаа тапшыруу аземи

Бүгүн, 18-июнда “Кыргыз почтасы” мамлекеттик мекемесине автомашина тапшыруу аземи болуп өттү.
Тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри З.М. Аскаров жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы А.И. Мамбетов катышты. Автомашиналар “Кыргыз почтасы” мамлекеттик мекемеси тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын аймактарына почта жеткирүүнүн сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында, Бүткүл дүйнөлүк почта Кеңеш тарабынан почта кызматыны жакшыртуу Фонду тарабынан каржыланды.

Аталган Фонддун эсебинен алынган 18 «Lada largus фургон» маркасындагы автоунаалар республиканын бардык аймактарына почта жеткирүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, “Кыргыз почтасы” мамлекеттик мекемеси үстүбүздөгү жылы түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын, Бүткүл дүйнөлүк почта Кеңешинин түзлгөндүгүнүн 145-жылдыгын белгиледи. Аталган Кеңеште Кыргыз Республикасы менен катар 191 өлкө кирет.

Өнөктөштөр