Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 555 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 10/07/2019
  • Просмотров: 1163
2019-жылдын биринчи жарымындагы МККнын “119” Call-борбору боюнча статистикасы

2019-жылдын биринчи жарымында Мамлекеттик каттоо кызматынын Call-борборунда 170 миңден ашык чалуулар кабыл алынган. Абоненттердин көпчүлүгү паспорт алуу маселелерине кызыгышкан. 370 даттануу кабыл алынып, 356 (96%) каралып чечилди.

        Жыл санап Call-борборго кайрылган жарандардын санынын өсүп, бир миллионго жетип жаткандыгы белгиленүүдө.

         Call-борбордун кызматтарынан өлкөнүн чегинен тышкары жактарда жүрүшкөн жарандар МККнын grs.gov.kg, infocom.kg, portal.srs.kg, nomer.srs.kg интернет ресурстарындагы онлайн-чат аркылуу пайдалана алышат, жарым жылдын ичинде он беш миңден ашык чаттагы диалогдор өткөрүлдү. Күн сайын саат тогуздан кечки алтыга чейин оператордун үнүнө  200дөн кем эмес интернет пайдалануучулар "кулак кагат",  он оператор 2000 жолку чалууларды  иштеп чыгышат.

         Кыргызстан жарандарынын көпчүлүк бөлүгү паспорт берүү жол-жоболорун, унааны каттоо жана айдоочунун күбөлүгүн, ЖААК документтерин алуу жана онлайн-аукцион аркылуу унаалар үчүн өзгөчө кооз номерлерди алуу маселелери боюнча кайрылышат. Ошондой эле кыймылсыз мүлк, шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана ар түрдүү даттанып арыздануу тууралуу маалымат алуу үчүн чалышат.

         МККнын Call-борбору өз ишин 2015-жылдын 18-августунда баштаган, ал заманбап жабдуулар жана сапаттуу кызматтарды сунуштоо үчүн программалык камсыздоолор менен жабдылган. IVR-системасы (Interactive Voice Response) аркылуу кабыл алынган чалуулар саны жана сапаты, түрлөрү боюнча  электрондук түрдө отчет жүргүзүлөт.  Мамлекеттик сектордо “Инфоком” МИси аутсорсинг кызматтарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар жападан-жалгыз контакт борбор болуп саналат.

 

Өнөктөштөр