Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 18/11/2014
  • Просмотров: 1138

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында (МКК) МККнын институционалдык бизнес-процестерин, иш кагаздарын жүгүртүүнү уюштурууну жана персоналды башкарууну талдоо боюнча иш жүргүзүлүүдө. Талдоо калкка көрсөтүлө турган кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында МКК тутумундагы кемчиликтерди аныктоо үчүн жүргүзүлөт.

Талдоонун жыйынтыктары тутумдун ишин өркүндөтүүгө жана анын дараметин жогорулатууга өбөлгө түзөт. Башкаруу ишинде институционалдык ыкманы колдонуу келечекте өзүнүн ишин ийгиликтүү ана сапаттуу башкарууга шарт түзөт. Ушундай жол менен модернизацияланган МКК жарандардын толук жана так реестри үчүн негиз катарында иштеп, ведомстволордун ортосунда маалымат алмашууга жана жалпы кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга шарт түзөт.

Өткөрүлүп жаткан иш-чаралар МККнын төрагасы А. Шаикованын демилегеси экендигин белгилей кетүү абзел, бул демилгелер ведомствону жана келечекте кардарларга багытталып иштей турган мамлекеттик каттоо тутумунун колдонулуп жаткан башкаруу тутумун эффективдүү реформалоонун механизмдеринен болуп калмакчы. Төраганын айтымында, бул үчүн адам факторун жана каттоо процессине адамдын катышуусун азайтуу зарыл, бул болсо коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга шарт түзөт.

Талдоо иштери USAID финансылык колдоосу менен эл аралык эксперттер жана жергиликтүү «RichResearch» изилдөөчүлүк консалтингдик компаниясы тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Өнөктөштөр