Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 11/12/2019
  • Просмотров: 374
Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк жөнүндө

Кыргыз Республикасыны караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 2019-жылдын 9-декабрынан тартып жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү берип баштагандыгын билдирет.

Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн жарандардан арыз Унаа мамлекеттик мекемесинин бардык аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынат.

Ошол эле учурда колдонуудагы (Эски үлгүдөгү) айдоочулук күбөлүк мөөнөтүнүн аягына чейин жарактуу болоорун баса белгилеп, айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жарандардын өз каалоосу менен жүргүзүлө тургандыгын билдиребиз. Ал эми 2019-жылдын 10-июнунан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө колдонуу үчүн берилген (убактылуу) айдоочулук күбөлүк сөссүз түрдө алмаштырылышы керек.

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк жакшыртылган дизайн менен бирге эле, жасоодо колдонулган материалдын (поликарбонат) сапаттуулугу менен айырмаланып, жарандын жеке маалыматы жана сүрөтү лазердик принтерде басылгандыктан 10 жылдык мөөнөттөгү колдонууда өчпөйт. Жалпысынан айдоочулук күбөлүк жыйырмадан ашык коргоо элементтерин камтыйт. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн үлгүсү сүрөттөрдө берилген.

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү киргизүү анын баасына да таасирин тийгизгендигин билдиребиз. Учурда бланктардын сатып алуу баасы тогуз эсеге арзандап, 100,86 сом болду. Эсиңиздерге сала кетсек мурдагы келишимдин шарты менен айдоочулук күбөлүктүн бланктары сегиз жыл аралыгында 12 евро (орточо баасы 920сом) менен сатылып алынуучу.

Айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алуу баасын төмөндөтүү (12 евродон 100сомго) жарандардын айдоочулук күбөлүктөрдү алуудагы төлөөчү баасынын кыйла төмөндөшүнө алып келди. Мындан тышкары айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алуу чет өлкөлүк валютага көз каранды болбостон улуттук валюта менен бекитилип, валютанын өсүшү менен анын баасынын жогорулашы жокко чыгарылды.

Айдоочулук күбөлүктү жекелештирүү мамлекеттик мекемеге берилип, аны жекелештирүүдө борборлоштурулуп,  документтин мыйзамсыз берилишине бөгөт коюлду. Айдоочулук күбөлүктү жекелештирүү Инфоком мамлекеттик ишканасынын алдындагы жекелешитирүү борборунда жүргүзүлөт. Айдоочулук күбөлүктүн бланкын сатып алуудагы баасын төмөндөтүү (12 евродон 100 сомго чейин) жана жекелештирүү функциясын мамлекеттик мекемеге кайтаруу менен жарандар айдоочулук күбөлүк алууда анын баасын   44% азайтты.

Айдоочулук күбөлүк боюнча (улуттук үлгүдө айдоочулук күбөлүк)

2019 жылдын декабрь айына чейин

 

2019 жылдын декабрь айынан баштап

Кызмат

Баасы

Кызмат

Баасы

Айдоочулук курамдын маалымат базасын түзүү

184 сом

Айдоочулук курамдын маалымат базасын түзүү

184 сом

Айдоочулук күбөлүктү берүү жана каттоо

184 сом

Айдоочулук күбөлүктү берүү жана каттоо

184 сом

Айдоочулук күбөлүктүн бланкынын баасы

12 евро (937 сом)

Айдоочулук күбөлүктүн бланкынын баасы

100 сом 86 кошумча банк кызматы

 

 

Айдоочулук күбөлүктү жекелештирүү («Инфоком» МИ)

255 сом

 

Жеткирүү кызматы

9,63 сом

Жалпысынан

1305,80 сом

Жалпысынан

732,63 сом

Айырмасы

573 сом же 44 % аз

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү киргизүү талабы төмөнкүлөр менен шартталды. Колдонуудагы айдоочулук күбөлүк 2011-жылдан баштап бериле баштаган. Бул убакыт аралыгында коргоо элементтери, сапаты жана баасы эч кандай кайра каралган эмес. Тез өзгөрүүчү дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен коргоо элементтерин күчөтүү, документтин сапатын жогорулатуу менен бирге эле документтин жасалмалоону жокко чыгаруу болду.

 

 


Өнөктөштөр